ЛИ Софус Мариус: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(«‎ЛИ Софус Мариус [17. 12. 1842, Норфьордейд - 18. 2. 1899, Кристиания (азыркы Осло)] - нор­вег математиги. Петербург ИАнын (1896) чет элдик мүчөсү, 1872-жылдан Кристиания, 1896- 98-ж. Лейпциг ун-ринде проф. Үзгүлтүксүз груп­палардын классикалык теориясын түзгөн. Анын ал...» менен түзүлгөн барак)
 
м (Lera «ЛИ СофусМариус» барагын «ЛИ Софус Мариус» деп кайра атады)
 
(Айырма жок)

20 ноябрь 2026, саат 06:47 учурдагы соңку нуска

ЛИ Софус Мариус [17. 12. 1842, Норфьордейд - 18. 2. 1899, Кристиания (азыркы Осло)] - нор­вег математиги. Петербург ИАнын (1896) чет элдик мүчөсү, 1872-жылдан Кристиания, 1896- 98-ж. Лейпциг ун-ринде проф. Үзгүлтүксүз груп­палардын классикалык теориясын түзгөн. Анын алгачкы эмгектери таза геометриялык маселелерге арнал­ган (1871-72). 1872-ж. Л. дифференциалдык тең­демелер теориясына өлчөмдүү геометрия түшү­нүгүн жана анын ыкмаларын киргизген. Л. диф­ференциалдык теңдемелер теориясы, алгебра, геометрия негиздери, топология жана теориялык физи­канын андан ары өнүгүшүнө зор таасир тий­гизген. Л. (немис математиги Ф. Клейн менен бирге) геометриялык теорияны группалык өзгөртүүлөрдүн негизинде кайрадан иштеп чыккан (1849-1925).

Ад.: Полищук Е. М. Софус Ли. Л., 1983.