ЛИТОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
ЛИТОГРАФИЯ  | ЛИТОГРАФИЯ (лито... жана ...графия - тегиз басуу) - көркөм басманын техникасы. Көркөм сүрөт искусствосунда формага сүйкөлгөн боёкту кагаз, таш (катуу акиташ) менен иштөөгө байланышкан нуска (оттиск) алуу ыкмасы; Литография ыкмасы менен басылган чыгарма; ушул ыкмага адистештирилген өнөркана. Литографияны сүрөтчү атайын майлуу литографиялык калем менен бүртүктүү же тегиз беттүү таштын үстүнө тартып аткарат. Сыя калем менен тартылган графикадан басып алуу үчүн жылмакай таш, ал эми калем менен тартылган сүрөттун так көчүрмөсүн алууда быдырлуу таш пайдаланылат. Кээде атайын литографиялык кагаз - корнпапирге тартылган сүрөттү таштын бетине түшүрүүгө туура келет. Таш химиялык жол менен иштетилип, форманын бети сууланып, боёк сүйкөлгөндөн кийин басуу процесси аткарылат. Басма атайын станокто жүргузүлөт. Литографиялык техниканын башка да аз колдонулуучу түрлөрү | ||
(лито... жана ...графия - тегиз басуу) - көркөм басманын техникасы. Көркөм сүрөт искусствосунда формага сүйкөлгөн боёкту кагаз, таш (катуу акиташ) менен иштөөгө байланышкан нуска (оттиск) алуу ыкмасы; | |||

[[File:ЛИТОГРАФИЯ_1.jpg|thumb|А. Н. Бенуа. «Петергоф. Чоң Дворецтин Үстүнкү парк тарабындагы Чиркөөнүн корпусу». Литография. 1918.]]

[[File:ЛИТОГРАФИЯ_1.jpg|thumb|А. Н. Бенуа. «Петергоф. Чоң Дворецтин Үстүнкү парк тарабындагы Чиркөөнүн корпусу». Литография. 1918.]]

| 8-сап: | 7-сап: | ||

[[File:ЛИТОГРАФИЯ_2.jpg|thumb|0. Абсаттаров «Түштүктө». 2006.]]

[[File:ЛИТОГРАФИЯ_2.jpg|thumb|0. Абсаттаров «Түштүктө». 2006.]]

(хромолитография, асфальтта кырып тартуу, туш менен жуу, таш гравюрасы) бар. Көп учурда ташта иштөөнүн ордуна түп нусканы атайын көчүрмө кагазда аткарышат. Бул учурда сүрөттү ташка сүрөтчүнүн жардамысыз эле түшүрө беришет. Литографияны 1797-жылы Германияда А. Зенефельдер ойлоп чыгарган. XIX кылымда кеңири тараган көркөм каражат болуп калды. Ал карикатура менен саясий-сатиралык чыгармаларда сүрөт көчүрмөсүн көбөйтүү, кара-ак жана көп түстүү нускаларды, китеп сүрөттөрүн, географиялык карталарды, этикетка, плакат, көрсөтмө куралдарды жана башкаларды көбөйтүп басуу үчүн кеңири колдонулат. Андан кийин иштөө принциби литографияга окшош келген | |||
автолитография, олеография, литогравюра, альграфия жана башкалар пайда болгон. XX кылымдын 30-жылдарынан сүрөт көчүрмөсүн алуунун өркүндөтүлгөн түрү - офсеттик басууну колдонуу менен литографиялык процесс өндүрүштө четтетилишине карабай литография көркөм нусканы алуунун алгачкы техникасы болуп кала берүүдө. XIX кылымда литография жасалга өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Иллюстрация, саясий жана турмуштук карикатура, плакат, эстамп өнүккөн. Литографиянын кулач жайышына Ф. Гойя, Т. Жерико, Э. Делакруа, А. Менцель, 0. Домье, П. Пикассонун чыгармачылыгы зор роль ойногон. Россияда литографиянын өнүгүшү А. О. Орловский, О. А. Кипренский, К. П. Брюллов, К. И. Лебедевдин ысымдарына тыгыз байланыштуу. Литография станогун Октябрь революциясынан мурда Германиянын Лейпциг шаарынан Санкт-Петербургга, Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанга алып келишкен. Литографиялык өнөркана Бишкекте Сүрөтчүлөр үйүндө жайгашкан. Өнөрканада белгилүү сүрөтчүлөр: Л. Ильина, Л. Трусковский, Ю. Белевич, В. Рогачев, А. Сгибнев, Р. Нудель, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев, | |||
Т. Курмановдор эмгектенишкен. 2005-жылы өнөркана Литография борбору болуп, жаңы долбоор менен иштей баштаган. Кыргызстандагы Литографиялык борбор - Борбордук Азиядагы жалгыз ишкана. Бүткүл дүйнөлүк литография борбору деген статуска ээ болгон. Литография борборун Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, живописчи-график О. Абсаттаров жетектейт. Анда сүрөтчүлөр көркөм графиканын офорттук гравюра өнөрүн үйрөнүшөт жана чыгармачылыгын өркүндөтүшөт. Борбордо Европанын, Борбордук Азиянын жана Австриянын сүрөтчүлөрүнүн семинарлары, студенттер үчүн лекциялар, практикалык сабактар өтүлөт. Новосибирск шаарында жана Полыпада эки жылда бир өтүүчү эл аралык конкурстарга, көргөзмөлөргө кыргыз литографисттери да катышып турушат. | |||

Ад.: Суворов П. И. Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л. Технология офсетной печати. М., 1966.

Ад.: Суворов П. И. Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л. Технология офсетной печати. М., 1966.

[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
20 ноябрь 2026, саат 05:34 учурдагы соңку нуска
ЛИТОГРАФИЯ (лито... жана ...графия - тегиз басуу) - көркөм басманын техникасы. Көркөм сүрөт искусствосунда формага сүйкөлгөн боёкту кагаз, таш (катуу акиташ) менен иштөөгө байланышкан нуска (оттиск) алуу ыкмасы; Литография ыкмасы менен басылган чыгарма; ушул ыкмага адистештирилген өнөркана. Литографияны сүрөтчү атайын майлуу литографиялык калем менен бүртүктүү же тегиз беттүү таштын үстүнө тартып аткарат. Сыя калем менен тартылган графикадан басып алуу үчүн жылмакай таш, ал эми калем менен тартылган сүрөттун так көчүрмөсүн алууда быдырлуу таш пайдаланылат. Кээде атайын литографиялык кагаз - корнпапирге тартылган сүрөттү таштын бетине түшүрүүгө туура келет. Таш химиялык жол менен иштетилип, форманын бети сууланып, боёк сүйкөлгөндөн кийин басуу процесси аткарылат. Басма атайын станокто жүргузүлөт. Литографиялык техниканын башка да аз колдонулуучу түрлөрү

(хромолитография, асфальтта кырып тартуу, туш менен жуу, таш гравюрасы) бар. Көп учурда ташта иштөөнүн ордуна түп нусканы атайын көчүрмө кагазда аткарышат. Бул учурда сүрөттү ташка сүрөтчүнүн жардамысыз эле түшүрө беришет. Литографияны 1797-жылы Германияда А. Зенефельдер ойлоп чыгарган. XIX кылымда кеңири тараган көркөм каражат болуп калды. Ал карикатура менен саясий-сатиралык чыгармаларда сүрөт көчүрмөсүн көбөйтүү, кара-ак жана көп түстүү нускаларды, китеп сүрөттөрүн, географиялык карталарды, этикетка, плакат, көрсөтмө куралдарды жана башкаларды көбөйтүп басуу үчүн кеңири колдонулат. Андан кийин иштөө принциби литографияга окшош келген
автолитография, олеография, литогравюра, альграфия жана башкалар пайда болгон. XX кылымдын 30-жылдарынан сүрөт көчүрмөсүн алуунун өркүндөтүлгөн түрү - офсеттик басууну колдонуу менен литографиялык процесс өндүрүштө четтетилишине карабай литография көркөм нусканы алуунун алгачкы техникасы болуп кала берүүдө. XIX кылымда литография жасалга өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Иллюстрация, саясий жана турмуштук карикатура, плакат, эстамп өнүккөн. Литографиянын кулач жайышына Ф. Гойя, Т. Жерико, Э. Делакруа, А. Менцель, 0. Домье, П. Пикассонун чыгармачылыгы зор роль ойногон. Россияда литографиянын өнүгүшү А. О. Орловский, О. А. Кипренский, К. П. Брюллов, К. И. Лебедевдин ысымдарына тыгыз байланыштуу. Литография станогун Октябрь революциясынан мурда Германиянын Лейпциг шаарынан Санкт-Петербургга, Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанга алып келишкен. Литографиялык өнөркана Бишкекте Сүрөтчүлөр үйүндө жайгашкан. Өнөрканада белгилүү сүрөтчүлөр: Л. Ильина, Л. Трусковский, Ю. Белевич, В. Рогачев, А. Сгибнев, Р. Нудель, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев,
Т. Курмановдор эмгектенишкен. 2005-жылы өнөркана Литография борбору болуп, жаңы долбоор менен иштей баштаган. Кыргызстандагы Литографиялык борбор - Борбордук Азиядагы жалгыз ишкана. Бүткүл дүйнөлүк литография борбору деген статуска ээ болгон. Литография борборун Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, живописчи-график О. Абсаттаров жетектейт. Анда сүрөтчүлөр көркөм графиканын офорттук гравюра өнөрүн үйрөнүшөт жана чыгармачылыгын өркүндөтүшөт. Борбордо Европанын, Борбордук Азиянын жана Австриянын сүрөтчүлөрүнүн семинарлары, студенттер үчүн лекциялар, практикалык сабактар өтүлөт. Новосибирск шаарында жана Полыпада эки жылда бир өтүүчү эл аралык конкурстарга, көргөзмөлөргө кыргыз литографисттери да катышып турушат.
Ад.: Суворов П. И. Искусство литографии. 4-е изд., М., 1964; Никанчикова Е.А., ПоповаА. Л. Технология офсетной печати. М., 1966.