ЛЕПЕШИНСКАЯ Ольга Владимировна: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «ЛЕПЕШИНСКАЯ» барагын «ЛЕПЕШИНСКАЯ Ольга Владимировна» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
19 ноябрь 2026, саат 08:54 учурдагы соңку нуска
ЛЕПЕШИНСКАЯ Ольга Владимировна [15 (28). 9. 1916, Киев - 20. 12. 2008, Москва] - орус совет бийчиси, педагог, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл артисти (1951).
Москва хореографиялык окуу жайын бүткөн. 1933-1963-жылдары Чоң театрдын балет труппасынын артисти. Л. Лиза (Гертель, «Курулай сактык»), Маша, Аврора (П. Чайковский, «Щелкунчик»; «Уйкудагы сулуу»), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот»), Золушка (С. Прокофьев, «Золушка»), Тао Хоа (Р. Глиэр, «Кызгалдак») жана башка каармандардын партияларын аткарган. Драмалык таланты, өзгөчө темпераменти, виртуоздуу техникасы менен классикалык бийдин таасирдүүлүгүн арттырган.
О. Лепешинская драмалык, ошондой эле комедиялык партияларды да мыкты аткарган: Жанна (Б. Асафьев, «Парижжалыны»), Мирандолина (Василенко, «Мирандолина») Сванильда (Л. Делиб, «Копелия») жана башкалар. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында атайын бригадалардын катарында майдандагы жоокерлерге концерт берген. 1963-жылдан окутуучу, педагог жана репетитор болуп Италия, Германия, Швеция жана башка өлкөлөрдө иштеген. Бир нече жолу Кыргызстанга гастролго келген. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1946, 1947, 1950). Үч орден жана медалдар менен сыйланган. 1991-жылдан Россия хореографиялык ассоциациясынын президенти болуп иштеген.
Ад: Илупина А. 0. В. Лепешинская//Мастера Большого театра. М., 1976; Солодовников А. В. 0. Лепешинская. М., 1983.