ЛАД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(8 intermediate revisions by 2 users not shown)
1-сап: 1-сап:
'''ЛАД''' (латынча modus) – 1. музыкалык добуштардан эң туруктуу, эң таянычтуу добуш – тониканын айланасында добуштун топтоштурулушу, алардын өз ара байланыш системасы. Лад баскычтарынын катары менен добуштардын жайгашуусу гамманы түзөт. Лад туруктуу жана туруксуз добуштарга бөлүнөт. Лад туруктуу добуштарында чыгарма жана музыкада ой бүтөт. Тоника ладдын музыкадагы ролу мажордук (кара: Maжор) жана минордук (кара: Минор) ладдарга байланышкан. Мажордук ладдын туруктуу добуштарын мажордук үч үндүк, минордукунан болсо минордук үч үндүк түзөт. Ладдык секундалар катары менен чоң-чоң, кичинe, чоң, чоң, чоң жана кичине болуп жайланышса, андай гамма натуралдык мажор делет. Ал ладдын секундалары катары чоң 2, кичине 2, чоң 2, чоң 2, кичине 2, чоң 2 жана чоң 2 болуп жайланышса, андай гамманы натуралык минор дейбиз, Музыкада мына ушундай бир нече лад системасы бар. Ар бир элдин музыкалык маданиятында ладдын жалпы окшоштук касиеттери да, жекече колорити жана улуттук өзгөчөлүгү да болот. Кыргыз музыкасында диатоникалык, пентатоникалык лад системасы кездешет.           2. Кылдуу чертме музыкалык аспаптардын моюндарына туурасынан тагылган белгилүү бийиктеги үндөрдү чыгаруучу орунду көрсөтүүчү металл зымдар, кылдар.
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛАД - </strong>1) түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу, туруксуз добуш баскычтары­нын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулуу­су. Ладдын добуштары мындан тышкары консо­нанстык үндөштүккө жана негизги добуш баскы­чында түзүлгөн үч үндүүлүккө тартылат. Ладдагы биринчи баскычта түзүлгөн үндөштүктүн негиз­ги добушу тоника, калган экөө - терция, квин­та деп аталат. Лад добуштары баскычтар деп ата­лат жана рим сандары менен тоникадан жогору карай белгиленет. Лад баскычтарынан түзүлгөн добуш катары <em>гамма</em> деп аталат. Лад тоникасы анын тоналдуулугун аныктайт (мисалы, мажор ладында тоника ''до'' болсо, анда ал ''до мажор'' бо­лот). Лад жети негизги баскычтан жана алардын бийиктетилген, төмөндөтүлгөн түрлөрүнөн тү­зүлсө, ал диатоникалык лад болот, ал эми ладдын жети баскычынын арасындагы жарым тондор­ду кошуу менен 12 баскычты камтып түзүлсө, ал хроматикалык лад болуп эсептелет. Лад мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде музыкалык чыгармалар жа­ралат, гармониядагы добуштардын байланышы­на шарт түзөт; 2) кылдуу чертме музыыкалык аспаптар­дын мойнунан орун алган бөлүнүүлөр - бере­нелер да ладдар деп аталат.</p><p>Ад.: <em>Тюлин Ю. Н.</em> Натуральные и альтерационные лады. М., 1971.</p>[[Категория:5-том,_2-50_бб]]
[[Категория:Жаңы макалалар]]

19 ноябрь 2026, саат 03:19 учурдагы соңку нуска

ЛАД - 1) түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу, туруксуз добуш баскычтары­нын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулуу­су. Ладдын добуштары мындан тышкары консо­нанстык үндөштүккө жана негизги добуш баскы­чында түзүлгөн үч үндүүлүккө тартылат. Ладдагы биринчи баскычта түзүлгөн үндөштүктүн негиз­ги добушу тоника, калган экөө - терция, квин­та деп аталат. Лад добуштары баскычтар деп ата­лат жана рим сандары менен тоникадан жогору карай белгиленет. Лад баскычтарынан түзүлгөн добуш катары гамма деп аталат. Лад тоникасы анын тоналдуулугун аныктайт (мисалы, мажор ладында тоника до болсо, анда ал до мажор бо­лот). Лад жети негизги баскычтан жана алардын бийиктетилген, төмөндөтүлгөн түрлөрүнөн тү­зүлсө, ал диатоникалык лад болот, ал эми ладдын жети баскычынын арасындагы жарым тондор­ду кошуу менен 12 баскычты камтып түзүлсө, ал хроматикалык лад болуп эсептелет. Лад мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде музыкалык чыгармалар жа­ралат, гармониядагы добуштардын байланышы­на шарт түзөт; 2) кылдуу чертме музыыкалык аспаптар­дын мойнунан орун алган бөлүнүүлөр - бере­нелер да ладдар деп аталат.

Ад.: Тюлин Ю. Н. Натуральные и альтерационные лады. М., 1971.