НИДЕРЛАНД РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1566-1609): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НИДЕРЛАНД РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1566-1609) - Испан үстөмдүгүн толук жоюуга багытталган жана кальвинизмдин туусу алдында өткөн Нидерланддагьгрев-я. 15-16-к-да католик чиркөөсүнө таянган испан абсолютизми Нидерланддын экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кедерги болгон. Вильгельм Оранский башында турган оппозициялык топ испандык режимге каршы чыккан. 1566-ж. католик чиркөөсүнө каршы турган элдик көтөрүлүш (5500дөй чиркөө жана монастырь талкаланган), 1572-ж. жазында өлкөнүн түндүгүндө, 1576-ж. өлкөнүн түштүгүндөгү көтөрүлүштөр, 1579-ж. Утрех униясынын түзүлүшү Н. р-нын урунттуу учурлары болгон. Революция өлкөнүн түндүгүндө гана жеңип, түштүгү 1585-ж. чейин испан бийлигинде калган. Н. р. испан абсолютизмине сокку уруп, Европадагы революцияларга жол ачкан. Анын натыйжасында испан үстөмдүгү кулатылып, Түндүк Нидерландца Европадагы биринчи респ-ны негизделген.