НИДЕРЛАНД ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НИДЕРЛАНД ИСКУССТВОСУ — о. кылымда Нидерландда пайда болгон көркөм мектеп. 16- к-дагы Нидерланд буржуазиялык рев-сынан кийин Н. и. голланд жана фламанд искусствосу болуп бөлүнгөн. 11-13-к-даформасынын шарттуулугу, мазмунун
символдуулугу менен мүнөздөлгөн роман стили (Льеждеги Сен-Бартелеми чиркөөсү, Турнеде 1100-ж. курула баштаган собор, Генттеги (Бельгия) граф Фландрийскийлердин сепили ж. б.) кеңири тараган. 13-15-к-да сепилдердин, базар аянттарынын айланасына шаарлар, мунаралар, ратушалар, таш көпүрөлөр курула баштап, Маас жана Шельда өрөөндөрүндөгү храмдар роман жана готика стилдерин айкалыштырган татаал архитектураны түзгөн. 16-к-дан готика скульптурасы, монумент живописи (Ж. Мануэль, А. Бельшоз, М. Брудерлам) өнүгүп, Италия искусствосуна таасирленүү жана дүйнөнү көркөм өздөштүрүү аркылуу Н. и. Түндүк Европадагы Кайра жаралуу доорунун искусствосунун өнүгүшүнө өбөлгө болгон.