НИДЕРЛАНД: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НИДЕРЛАНД, Н и д е рланд Королдугу (расмий эмес аталышы - Голландия) - Батыш Европадагы өлкө. Чыгышынан Германия, түштүгүнөн Бельгия менен чектешип, түндүгүн жана батышын Түндүк деңиз чулгайт. Кариб деңизиндеги Бонайре, Синт-Эстатиус, Саба ж. б. а-дагы ээликтери менен бирге

Нидерланд Королдугун түзөт. Аянты 41526 км2. Калкы 16,7 миллион (2011). Борбору - Амстердам ш. Администрациялык-аймактык жактан 12 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги - евро.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) | |||
Провинциялары | Аянты, миң км2 | Калкы, мин | Администрациялык борборлору |
Гелдерланд | 5,14 | 1978,69 | Арнем |
Гронинген | 2,96 | 573,93 | Гронинген |
Дренте | 2,68 | 485,99 | Ассен |
Зеландия | 2,93 | 380,55 | Мидделбург |
Лимбург | 2,21 | 1127,64 | Маастрихт |
Оверэйсел | 3,42 | 1116,41 | Зволле |
Түндүк Брабант | 5,08 | 2418,70 | Хертогенбос |
Түндүк Голландия | 4,09 | 2613,99 | Харлем |
Түштүк Голландия | 3,42 | 3453,76 | Гаага |
Утрехт | 1,45 | 1190,73 | Утрехт |
Флеволанд | 2,41 | 374,40 | Лелистад |
Фрисландия | 5,75 | 642,17 | Леуварден |
Н. - БУУнун (1945), Европа Биримдигинин (1957), Эл аралык экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмунун (1960), НАТОнун (1949), ЭВФтин (1945), ЮНЕСКОнун (1947), ИНТЕРПОЛдун (1923) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы -
конституциялыкпарламенттик монархия. Мамлекет башчысы - монарх. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу парламент (Генералдык штат). Аткаруу бийлигин өкмөт (Министрлер кабинети) ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Христиандык-демокр. чакырык, Эмгек партиясы - социал-демокр. партиясы, Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясы ж. б.
Табияты. Н. Орто Европа түздүгүнүн батышында, жээк тилкесиндеги ойдуңдарда жана кургатылган жерлерде (польдераларда) жайгашкан. Жеринде ойдундуу түздүктөр басымдуу. Өлкөнүн аймагынын жарымынан көбү (33,9 миң и:.и2) деңиз деңгээлинен төмөн туруп, түштүк-чыгышында 2% жери гана 30 .иге жогору көтөрүлүп турат. Анча бийик эмес бөксө тоолор орун алган. Аймагынын көбүндө дарыялар өтө жыш жайгашкандыктан (Рейн, Маас, Шельда ж. б.), кеме жүрүүчү жалпы дельтаны түзөт. Дарыялары агызып келген шилендилерден дельталар пайда болуп,

жээктеринде ойдуңдар түзүлгөн. Ал ойдундардын көпчүлүгү Түндүк Голландия, Түштүк Голландия жана Флеволанд провинцияларында жайгашкан. Жээк тилкеси шиленди дюналардан турат. Эң бийик жери - Валсерберг чокусу (бийикт. 322 м-, Арденна тоосунда), төмөнкүсү - Заудпластполдер (-6,74 м). Климаты деңиздик мелүүн, жайы салкын, кышы жумшак. Январдын орт. темпрасы 1-3°С, июлдуку 16- 17°С. Жылдык жаан-чачыны 650-750 мм. Ири дарыялары: Рейн, Маас, Шельда; көлү - Эйсселмер (булуң). Суу каптоо коркунучуна байланыштуу Зейдер-Зе булуңунун (1282- жылкы суу каптоодон пайда болгон) түштүгүндө-дамбалар курулган. 1953-ж. да катуу суу ташкыны жүргөн. Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүн күл топурак ээлейт. Түндүгү менен чыгышы чым көң-күл, кээ бир жерлери саз топурактуу. Чыгышы менен түштүгүндө кумдуу топурактар кездешет. Польдералар а. ч-нда колдонулат. Лимбургдун түштүгүндөгү бөксө тоолордун кыртышы эолдук процесстин натыйжасында борпоң сары келет. Андан сырткары күрдүү топурактар да бар. Өлкөнүн аймагынын түштүк жана чыгышында вереск, кызыл карагай, эмен ж. б. токойлор өсөт. Фаунасы антропогендик фактордун негизинде сейректөөдө. Канаттуулардын көп түрү мекендейт. Сейрек кез-
дешүүчү жаныбарлар коргоого алынып, улуттук парктар (Велюзом, Кеннемер дюналары ж. б.) жана коруктар уюштурулган. Кен байлыктары: нефть, газ, чым көң, кайнатма туз, каолин.
Калкы. Калкынын көпчүлүгүн нидерланддар (80,7%) түзөт. Ошондой эле немистер (2,4%), индонезиялыктар (2,4%), түрктөр (2,2%), суринамдыктар (2%), марокколуктар (2%), индиялыктар (1,5%), антилдиктер жана арубалыктар (0,8%) ж. б. элдер да бар. Расмий тили - нидерланд тили. Калкынын 64,27%и христиан (протестант 33, католик 31,27), 6%и мусулман, 0,6% индуизм, 0,5% буддизм, 2,2% и башка диндерди тутат. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 12,42), өлүм-житим төмөн (ЮООге 8,48;
жаш балдардыкы 6). Орт. жыштыгы 1 км2 394 киши (2011). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 75 жаш, аялдарыныкы - 81. Шаар калкы 82% (2008). Ири шаарлары: Амстердам, Гаага, Роттердам, Утрехт.
Тарыхы. Н. аймагын адам неолит доорунан мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымында Н-да негизинен кельт уру-улары жашап, биздин замандын башында аларды германдар сүрүп чыгарган. Биздин заманга чейинки 1-к-да Н-дын бир бөлүгүн римдиктер басып алып, 3-4-к-да франктар отурукташкан. 10-11-к-да Н-да феод. ээликтер (графтыктар) түзүлүп, 12-к-дан шаарлар өнүккөн. Н. 1447- жылдан Габсбургдардын, 1556-жылдан Испаниянын бийлигинде болгон. 15-16-к-дын аягында капиталисттик мамилелер калыптана баштаган. Испаниянын үстөмдүгүнө каршы Нидерланд буржуазиялык революциясынан улам өлкө көз карандысыздыкка жетишип, туңгуч буржуазиялык респ. түзүлгөн. Революциядан кийин Н-дын экономикасы менен маданияты тездик менен өнүгүп, 1648-ж. Кошмо провинциялардын федерациялык респ-на (кээде Голландия деп да аталган) айланып, аз убакытта эле европалык мамлекеттерден ашып кеткен. 1795-ж. фр. аскерлер басып киргенден кийин Францияга көз каранды Батав Респ. түзүлгөн. 1806-ж. өлкөнү Франция басып алып, Голландия королдугу түзүлгөн. Вена конгресси (1814- 15) күчкө салып, Н. менен Бельгияны Нидерланд королдугуна бириктирип, ал 1815-ж. 15-майда расмий жарыяланган. Бельгия революциясынын (1830) натыйжасында Бельгия Н-дан бөлүнгөн. 19-к-дын акыркы чейрегинде Н-да ө. ж. төңкөрүшү аяктап, империализмге өтүү мезгили башталган. Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) мезгилинде Н. бейтарап саясат жүргүзгөн. 2-дүйнөлүк согуш (1939-45) башталганда Н. өзүн бейтарап өлкө деп жарыялаган, бирок аны 1940-ж. 14-майда Германия басып алган. Душмандан 1945-ж. майда бошотулган. 1945-жылдан БУУнун, 1949-жылдан НАТОнун мүчөсү. Н-дын аймагында НАТОнун штабы, АКШнын аскер базасы жайгашкан. Н-да 1951-ж. Бенилюкс союзу (Бельгия, Н., Люксембург), 1957-ж. ЕвропаЭкономика биримдиги түзүлгөн.
Экономикасы. Н. - индустриясы жогорку деңгээлде өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 654,7 миллиард долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 39,9 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 73,7, ө. ж-дыкы 24,4, а. ч-ныкы 1,9. 2008-ж. 108,2 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизинен ЖЭБден алынат. Эки АЭС иштейт. Ө. ж-нын башкы тармагы - машина куруу (байланыш жана телекоммуникация жабдуулары, кеңсе жана тиричилик техникалары, кеме, автомобиль тетиктери), химиялык (лак, боёочу каражаттар, жер семирткич ж. б.), нефть-химиялык, тамакаш (эт, сүт азыктары, пальма майы, жууган май, сыр, коюу сүт, шоколад ж. б.), текстиль ө. ж. өнүккөн. Пиво кайнатылат. Ликёр ж. б. өндүрүлөт. Таш көмүр, нефть, табигый газ, чым көң, кайнатма туз, каолин казылып алынат. Өлкөнүн аймагынын 65% и иштетилет. Негизги азыктары - картөшкө, кант кызылчасы, жашылча-жемиш, буудай ж. б. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармоо өнүккөн. Деңиз продуктулары даярдалат. Парниктерде жашылча-жемиш өстүрүү боюнча алдынкы орунда. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 138,8 (2008 тез жүрүү үчүн автомагистралдары 2,58), т. ж-нуку 2,9. Сырт-
ка азык-түлүк (эт, сыр, шоколад ж. б.), нефть продуктулары, газ, машина жана жабдуулар ж. б. чыгарылат. Ири порттору: Роттердам ж. б. Негизги соода шериктештери: Германия, Бельгия, Улуу Британия, Франция, Кытай ж. б.
Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто, атайын жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Орто жана адистик билим алуу, башка адистикке өтүү, информатика, компьютер үйрөнүү, чет тилдерди, менежменттин жана бизнестин негиздерин ж. б. окутуу курстары иштейт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 91% ти түзөт (2013). Ири мамлекеттик ЖОЖдорунун көбү, ошондой эле музейлери, китепканалары Лейден, Гронинген, Амстердам, Роттердам ш-нда жайгашкан.
Массалык-маалымат каражатт а р ы. «Телеграф», «Алгемейн дахблад», «Фолкскрант», «Биннехоф» ж. б. ири гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1969-жылдан, телекөрсөтүү 1951-жылдан, ошондой эле «Алгемен Нидерланде Персбюро» маалымат агенттиги 1934- жылдан иштейт.
Адабияты. Нидерланд тилиндеги байыркы адабий эстелик - Каролинг псалмалары (9-к.). Тунгуч көрүнүктүү жазуучусу - Генрих фон Фельдеке. Кайра жаралуу идеясы Э. Роттердамскийдин чыгармаларында (айрыкча «Макоолуктун мактанчы» сатирасы) берилет. 12-16- к-дагы Н. адабияты эски Н. адабиятынын нугунда өнүккөн. Н-дын маданиятындагы «алтын доор» катары 17-к. эсептелет. Ар түрдүү адабий багыттарга жаткан (алардын эң башкысы классицизм болгон) ошол доордун жазуучулардын чыгармачылыгы үчүн социалдык жана этикалык проблемаларга көңүл буруусу мүнөздүү болгон (А. Валериус, П. К. Хофт, С. Костер, Г. А. Бредеро, Я. Стартер ж. б.). 17- к-дын адабиятынын тарыхында борбордук орунду акын жана драматург И. ван ден Вонделдин чыгармачылыгы ээлеген. Анын «Люцифер» (1654) трагедиясы - дүйнөлүк адабияттын шедеврлеринин бири. 18-к-да адабиятта демокр. салттардын солгундашы байкалат. Н-нын 19-к-дагы белгилүү жазуучу Э. Д. Деккер өз чыгармаларында («Макс Хавелаар», 1860, «Сүйүү каттары», 1861)нидерл. колониализмге, буржуазиялык коомдун адамкерчиликсиздигине каршы идеяларды берген. 20-к-дын башында Н. адабиятына Г. Хейерманс («Бриллианттар шаары» 1904; «Эмгекте жана зыяратта» 1903); Гортер («Мей», 1889; «Пан» 1912); Роланд Холст («Кайрадан төрөлгөндөр», 1903; «Өргө жол», 1907, «ТомасМор», 1902; «Валдар», 1922) ж. б. келишкен. Немистик-фашисттик аскерлер Н-ны оккупациялаган жылдары (1940-45) басма сөз жашырын иштеген. Ага Вестдейк, Т. де Фрис, Я. Гресхоф А.ван Дёйнкеркен ж. б. катышкан. Өздөрүн «70-жылдардын тобубуз» деп атаган соңку муундун акын-жазуучулары формализмге каршы, элдин калың катмарына жакын жана түшүнүктүү адабиятты түзүүнү башташкан.
Архитектура ж а сүрөт иск в о с у. 19-к-дын 1-жарымында Н-нын архитектурасы башка өлкөлөрдүн, айрыкча Франциянын шаар куруусунун күчтүү таасиринин алдында болгон. 19-к-дын 2-жарымында, айрыкча 80-жылдарда Н-нын экономикасы көтөрүлүп, шаарлардын өсүшүнө, алардын структурасынын өзгөрүшүнө өбөлгө түзүлгөн. 1902-ж. X. П. Берлаге Амстердамды кеңейтүү долбоорун сунуш кылган, 1935-ж. К. ван Эстерендин жетекчилиги астында Амстердамдын генпланы иштелип чыккан. Бул планды ишке ашыруу 2-дүйнөлүк согуштан кийин да улантылган. Жаңы шартка байланыштуу Роттердамдын борборун (250 га) реконструкциялоо (1940-ж. фашисттик бомбалоодо жок кылынган) пландаштырылып, шаар аймагы (800 га) кенен проспекттерге, аянттарга бөлүнгөн. 1900-40-жылдардагы Н-нын архитектурасы эклектикадан функционализмге өтүүнүн ар кандай стадияларына ачык мисал болуп саналат. 1920-жылдардын архитектурасында дагы бир багыт В. М. Дюдоканын чыгармачылыгына байланыштуу. Анын Хилверсюмдагы коомдук курулуштары (ратуша, 1928-30 ж. б.) көп жагынан шаардын өзгөчөлүгүн аныктап, функциялык максаттуулугу менен гана эмес, образдын жаркын эмоция-
луулугу, айкын пластикалуулугу менен айырмаланат. Өндүрүштүк архитектурага - техникалык курулуштарга (Гертрёйденберг электр станциясы), ишканаларга чон көңүл бөлүнгөн. 17-к-дагы Н. искусствосунда станоктук сүрөт, офорт басымдуулук кылган. 17-к-дын 30-жылдарында голланд живописи нукура демократизмге жана чебер жаңычылдыкка каныгып, психол. бирдиги, түстөрдүн гаммасынын жөнөкөйлүгү менен айырмаланган. Ошол кезде голландиялык ири реалисттер Халстын, айрыкча Рембрандттын чыгармаларында адамды баалоо жана терең психологизм негизги орунду ээлеген. 18-к-да Н. искусствосу эпигондук
мүнөзгө өткөн. 19-к-дын ортосунда реалисттик багыт (Я. Б. Ионгкинд, Й. Исраэлс) толук калыптанган. В. ван Гог голланд жумушчулары менен дыйкандарынын ачык-айкын образдарын түзгөн. 20-к-да Н-да символизм, абстракционизм ж. б. агымдар пайда болгон.
М у з ы к а с ы. Н-нын музыкалык маданияты жөнүндөгү алгачкы маалыматтар о. кылымга тиешелүү. Ал 15-16-к-да жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Музыка искусствосунун классикалык мезгили Нидерланд мектебинен башталган, анын өкүлдөрү: Г. Дюфе, Жоскен Депре ж. б. Бул мектеп бүткүл Батыш
Европа музыкасына таасирин тийгизген. 17-к-да жогорку денгээлдеги аспаптык музыканын өнүгүшү менен катар музыкалык аспаптарды жасап чыгаруу жогорку деңгээлге чыккан. 16-к-дын аягы - 17-к-дын башында композитор, органдык музыканын чебери Я. П. Свелинг немисче органдык музыкалык мектебинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 19-к-дын 1-жарымында адегенде немисче романтикалык таасир менен улуттук-демокр. музыкалык маданият өнүгөт. Көп голланд композиторлору Германияда (Ж. Б. ван Бре, Й. Ферхюлст, Р. Хол, В. Николаи ж. б.) окушкан. Биринчи Королдук музыкалык мектеп (1826-46, Гаага) негизделген. 1841-ж. музыканттардын турмуш-тиричилигин коргоо боюнча «Цецилия» коому, 1883-ж. «Консертгебау» деген өзүнүн залы, хору жана атактуу симфониялык оркестри менен эң чоң концерттик коом түзүлгөн. 19-к-дын аягы - 20-к-ды башында улуттук композиторлор (Б. Зверс, Й. Вагенар, А. Дипенброк ж. б.) чыккан. Немистик-фашисттик оккупация музыкалык турмуштун өнүгүшүн басаңдаткан. 40- жылдардын аягында ар кандай авангарддык чыгармачыл багыттар (к. Авангардизм) пайда болгон. Бүгүнкү күндө Амстердам, Гронинген, Гаага, Роттердам, Утрехт, Маастрихт жана Тилбург ш-нда 7ден ашык консерватория бар, 3 музыкалык лицей, католиктик чиркөө музыкасы, Н. инту; чиркөө музыканттарын даярдай турган атайын окуу жайлары бар. Театры. Н-нын профессионал театры, 17-к-дан тартып өнүгүп, улуттук драматургиясы (ван дер Виле П. Гофт) пайда болгон. Н-нын театр искусствосу кийин чет элдин таасиринде болуп, франц., англ. драматургдардын чыгармаларын көп пайдаланган. 19- к-дын аягы - 20-к-дын башында голланд авторлордун (Г. Гейерманс ж. б.) пьесалары коюла баштаган. 40-60-жылдардагы көрүнүктүү театрларында «Гаагакомедиясы» (К. Ласёр башчылык кылган), «Нидерланд комедиясы» (жетекчиси X. В. ван дер Берг жана Й. де Местер) пьесалары коюлган. 60-70-жылдарда репертуарларында улуттук драматургдар X. Хейерманс, Я. Стал, Ле де Бур ж. б.-дын пьесалары орун алган. Белгилүү актёрлору, режиссёрлору: А. Ван Дальсюм, К. ван Дейк, Ш. Кёлер, В. Фос ж. б.
К и н о с у. Алгачкы киностудиясы 1910-ж. Гарлемде уюшулган. 1933-ж. Амстердамда толук метраждуу алгачкы көркөм фильм («Моряктар») тартылган. 20-30-жылдары реж. Й. Ивенс чыгарган фильмдер чоң ийгиликке жетишкен. Н. көркөм кинотасмалары: «Фанфарлар» (1958, реж. Ханстра), «Месье Хаварден» (1969, реж. X. Кюмель), «Франк жана Ева» (1973, реж. П. де Лар-Парра), «Түрк жемиши» (1973, реж. П. Ферхувен) ж. б. Кино актёрлору: В. Ванн Алмерой, Т. Хюрдерман, Р. де Хойер, К. Брюсе.







