НИГЕР (мамлекет): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НИГЕР, Нигер Республикасы - Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Алжир, Ливия, чыгышынан Чад, түштүгүнөн Нигерия, түштүк-батышынан Бенин жана Буркино-Фасо, батышынан Мали менен чектешет. Аянты 1267

миң клг2. Калкы 15,9 миллион (2010). Борбору - Ниа мей. Администрациялык-аймактык жактан 8 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги - КФА франкы.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2001) | |||
Облустары | Аянты, мин, км2 | Калкы, миллион | Администрациялык борборлору |
Агадес | 634,21 | 0,32 | Агадес |
Диффа | 140,22 | 0,33 | Диффа |
Досо | 31 | 1,48 | Досо |
Маради | 38,58 | 2,21 | Маради |
Ниамей | 0,67 | 0,68 | Ниамей |
Тахуа | 106,68 | 1,91 | Тахуа |
Тиллабери | 89,62 | 1,86 | Тиллабери |
Зиндер | 145,43 | 2,03 | Зиндер |
Н. - БУУнун (1960), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996), ЭВФтин (1963), Африка биримдиги уюмунун (1963) ж. б. мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - парламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Улуттук Ассамблея). Аткаруу бийлигин премьерминистр баштаган өкмөт ишке ашырат. Н-де көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Демократия жана социализм үчүн Н. партиясы, Коомдук өнүгүү үчүн улуттук партиясы, Африка федерациясы үчүн Н. демокр. кыймылы, Демократия жана прогресс үчүн Н. альянсы ж. б.
Т а б и я т ы. Өлкөнүн дээрлик 80% ин Сахара чөлү, калган бөлүгүн Сахель жарым чөлү ээлейт. Рельефинде деңиз деңгээлинен 200-500 м чейинки бийиктикке түздүктөр үстөмдүк кылат.
Түндүк-батышында түштүктөн түндүктү карай 400 кмте, батыштан чыгышка 250 кмте созулган Аир массиви (түрдүү бийиктиктеги бөксө тоолор системасы) орун алган. Бул бөксө тоолор батышты көздөй ийилип, вадилер менен тилмеленген. Аирдин чыгыш бөлүгү Тенере чөлүнө (400 миң клг2) жалгашат. Анын түндүгүндө (Аир жана Жадо бөксө тоолорунун ортосунда) жылып жүрүүчү кумдуу дюналар орун алса, борбордук бөлүгүндө жар менен тилмеленген көптөгөн оазистер кездешет. Аирдин батышында Талак түздүгү, өлкөнүн түндүк-чыгышында кумдуу келген Жадо жана Мангени, андан чыгышыраак (Чад менен болгон чек арада) Афафи жана Чигаи бөксө тоолору бар. Эң бийик жери - Идукальн-Тагес чокусу (бийикт. 2022 м). Н. Африка платформасында орун алгандыктан, кембрийге чейинки кристаллдык тектер кездешет. Кен байлыктары: уран, калай, вольфрам, ниобий, темир, тантал, молибден, алтын, марганец, кайнатма туз ж. б. Климаты түндүгүндө чөлдүү тропиктик (жаан-чачыны 100 лглгден аз), түштүктө субэкватордук (800 мм). Эң суук айы январдын орт. температурасы 20-24°С, жылуу май айыныкы 32-34°С. Жылдык жаанчачыны 100-800 мм. Ири дарыялары: Нигер жана анын ири куймалары (Горуоль, Дарголь,
Сирба, Горуби, Тапоа, Алибори, Сота, Мекру). Көлү

- Чад. Топурагы күрсүз кызыл-күрөн. Чөлдөшкөн саванна, жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү, бадал, баобаб, пальма, манго, папайи ж. б. өсөт. Жаныбарлары: арстан, пил, жаныш, жираф, чөө, түлкү, төө куш, бүркүт ж. б. Дубль-Ве улуттук паркы уюштурулган.
К а л к ы н ы н көпчүлүк бөлүгүн хауса (55,4%) түзөт, ошондой эле дьерма, сонгои, фульбе, таурегилер, арабдар, француздар да бар. Расмий тили - француз тили. Калкынын 80% и мусулмандар (сүннөттөр), калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Христиан динин туткандар да кездешет. Орт. жыштыгы 1 клг2ге 11 киши (2008). Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 54,8), өлүм-житим төмөн (ЮООге 20,8). Калкынын жа-
шынын орт. узактыгы эркектериники - 52 жаш, аялдарыныкы - 54. Шаар калкы 16% (2008). Ири шаарлары: Ниамей, Зиндер, Маради ж. б.
Т а р ы х ы. Н. аймагында адамдар байыртан эле жашап келгендигин Чад көлүнүн Түндүк-Батыш тарабынан табылган неолит мезгилине таандык археол. маалыматтар далилдейт. 10-к-дан - 19-к-га чейин Н-дин чыгыш бөлүгү Кенел-Борну королдугунун, Түштүк аймагы Хауса мамлекетинин (к. Хауса мамлекети) курамында болгон. Европалыктар келгенге чейин Н-де кул ээлик жана алгачкы жамааттык коомдук мамилелердин калдыгы менен чырмалышкан феод. коомдук мамиле өкүм сүргөн. Н-ге 1795-ж. алгач шотландиялыктар келген. 19-к-дын аягында Н-ди Франция басып алып,
1922-ж. Фр. Батыш Африка курамындагы Жогорку Сенегал-Нигер колониясына кошкон. Н. элинин колониялык эзүүгө каршы күрөшүнүн натыйжасында, 1958-ж. өткөн референдум боюнча
Н. француз коомчулугуна кирип, «автономиялуу республика» болуп жарыяланган. Улуттукбоштондук кыймылдын күчөшүнөн улам Франция 1960-ж. 3-августта Н-дин көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болгон. Өлкөнүн президенттигине Амани Диори (1960-70) шайланган. 1974-ж. Н-де аскер төңкөрүшү болуп, бийликке Сейни Кунче башында турган Жогорку аскер кеңеши келген. 1989-ж. жаңы конституция боюнча өлкө жарандык башкарууга өткөн, бирок бир партиялуу система сакталып калган. Президенттикке Али Сейбу шайланган. 1990-ж.
көп партиялуу саясий система киргизилген. 1999- жылдан өлкө демокр. өнүгүү жолуна түшкөн. 2010-ж. жетинчи республика жарыяланып, жаны конституция кабыл алынган. 2011-жылдан өлкө президенти - Махаммад Иссуфу. 1960- жылдан Н. БУУнун мүчөсү.
Экономикасы. Н. - дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн бири. Экономикасынын өнүгүшү чет өлкөлүк финансылык жардамга көз каранды. ИДПнин көлөмү 10,5 миллиард долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 700 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 44, ө. ж-дыкы 17, а. ч-ныкы 39 (2004). А. ч-нда эмгекке жарамдуу калктын 90% и иштейт. Уран (дүйнөдө 5-орунда), касситерит, ниобий, таш көмүр, фосфорит ж. б. казылып алынат. 2007-ж. 150 миллион кВт-с электр
энергиясы өндүрүлгөн. Жер жаңгакты иргөөчү жана май сыгуучу цехтер, курулуш материалдары, тамак-аш (анын ичинде пиво кайнатуу өнүккөн), күндөлүк керектелүүчү товарларды чыгаруучу ишканалар иштейт. Экспорттук а. ч. продуктулары - пахта, жер жаңгак, мал эти ж. б. Негизги азыктары - таруу, ак жүгөрү. Ошондой эле маниок, батат, күрүч, пияз, жашылча-жемиш, бал камыш, тропик жемиштери өстүрүлөт. Малы жайытта багылат. Бодо мал, төө, жылкы, эчки, кой асыралып, үй куштары багылат.
Нигер д-нда, Чад көлүндө балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. 18,6 миң км. (-2006; анын ичинде асфальтталганы 3,8), т. ж. жок. Сыртка уран концентраттарын, пахта, тирүү мал, эт, булгаары, тери, жер жаңгак майы ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктери: Япония, Европа союзуна кирген мамлекеттер, Кытай, Алжир, Нигерия.
Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу француз тилинде жүргүзүлөт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 51% ти түзөт (2008). Ниамей ш-нда Мамлекеттик университет, Сай ш-нда Ислам университети, ошондой эле илимий мекемелери бар. «Сахель», «Тан дю Нижер» ж. б. гезиттер чыгат. Радиоуктуруусу (1967-жылдан), телекөрсөтүүсү (1979-жылдан) иштейт. Шаарларда үйлөр банкодон курулат. Ниамей ж. б. ш-дын жаңы кварталдарында заманбап азыркы типтеги имараттар менен курулган. Чыгыш жана борбордук р-ндорунда банкодон курулган мечиттер бар. Айыл жерлеринде самандан жасалган алачый-хижиналар (түштүк-батыш райондордо), таштан курулуп, төбөсү чөп менен жабылган үйлөр көп. Түндүгүндөгү көчмөн уруулар тери менен жабылган чатырларда жашашат. Жаңы стилдеги театры 20-к-дын ортосунан өнүгө баштаган. Н-дин тунгуч драматургу Дандоби Махаман болгон. Анын «Эчкинин кылыкжоругу» (1955) жана «Кабри Кабранын легендасы» (1956) деген пьесалары коюлган. 1964-жылдан жыл сайын жаштардын жумалыгы өткөрүлүп турат.






