НИВЕЛИРЛӨӨ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НИВЕЛИРЛӨӨ - жер бетинде белгиленген чекиттердин бийиктигин алгачкы («нөл» бийиктик) бийиктигине же деңиз деңгээлине салыштырып аныктоо. Топогр. съёмкада (ар кандай курулуштарды, темир жана шоссе жолдорун курууда, инженердик иштерде, нивелирдик торлорду түзүүдө ж. б.) колдонулуучу геодезиялык өлчөөлөрдүн бир түрү. Жер бетинин түзүлүшүн, түспөлүн, кебетесин, океан-деңиз сууларынын деңгээлин эсептеп чыгып, так маалыматтарды берет. Жер бетинин өйдө-төмөн көтөрүлүп түшүүсүн аныктайт. Геометриялык, тригоном., барометрдик, гидростатикалык ыкмалар колдонулат.
нивх тили,гиляк тили - нивхилердин тили. Генетикалык жактан обочолонгон тил, шарттуу түрдө палеоазия тилдери деп аталуучу тилдерге кошушат. Теги жана түзүлүшү толук тактала элек. Флексия элементи бар мүчөлөмө (агглютинацияланлама) тил. Амур, чыгыш сахалин диалектилери бар. Нивх адабий тили амур диалектисинин негизинде өнүгүүдө.