НИАМЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НИАМЕЙ - Нигер Респ-нын борбору, шаар; Ниа­мей департаментинин администрациялык борбору. Өлкөнүн түштүк-батышында, Нигер д-нын сол өйүзүндө, дениз денг. 163 м бийиктикте жайгашкан. Кли­маты субэкватордук. Жылдык орт. температура 25°С, жаан-чачындын саны 400-700 мм. Калкы 980 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. 19-к-дын аягында негизделген. 1926-60-ж. Нигердеги француздук ээликтин администрациялык борбору. Нигер көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору (1960). Университет, калк китепканасы, Улуттук жер жаңгак коому, чоң мечит, элдик каада-салтты жазуу борбору, Геология бюросу, Тропиктик то­койчулуктун техникалык борбору, Тропик агрономия

Шаардагы борбордук көчөлөрдүн бири.

институту бар. Кол өнөрчүлүк (тери ашатылат, ка­рапа, алтындан жана күмүштөн баалуу буюмдар жасалат) өнүккөн.