НЕФТЬ КАЗЫП АЛУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕФТЬ КАЗЫП АЛУУ - чөкмө тектердин катмарларынан орун алган суюк заттар (нефть, суу) менен күйүүчү газдарды бургулоо көзөнөктөрү аркылуу жер бетине чыгаруу иштери. Бул про-
Ч. Иманалиев. цесс нефть кени кездешкен аймакка бургулоо иштерин жүргүзүү, анын иштөө режимин түзүү, катмардагы суюктуктар менен газды кыймыл-аракетке келтирүү жолдору менен башкарылат. Нефтинин өлчөмүн, өзгөрүшүн, нефть өндүрүү коэфф-и, капиталдык салымдарды, наркын аныктоо системасы колдонулат. Долбоорлоо иштери жүргүзүлөт. Чалгындоо кезиндеги геол. изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынат. Геол. түзүлүшү, чөкмө тектердин нефть топтоо жөндөмдүүлүгү (көзөнөктүүлүгү, суу өткөргүчтүгү, курамынын бир түрдүүлугү) суюктуктар менен газдардын физикалык касиеттери (тыгыздыгы, илешкектиги, эригичтиги), катмарлардын сыйымдуулугу, басымы, температурасы такталат. Гидродинамикалык эсептөөлөрдүн негизинде техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү аныкталат. Казып алуу системалары тандалат. Скважиналардын аралыктары 400-800 м болот. Кендин аз-көбүнө жараша бир эле убакта ондогон, миндеген скважиналар ишке киргизилет. Эгерде нефть жер бетине жакын орун алса, шахта жолу менен казылып алынат.
Ад.: Покрепкин Б. В. Разработка нефтяных и газовых месторождений. Новосибирск, 2010.