НЕСТОРИАН ЖАЗУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕСТОРИАН ЖАЗУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ - несториандардын 13-14-к-га таандык эпитафиялык эстелик жазуулары (к. Несторианчылык). Жазуу анча чоң эмес сай таштардын бетине оңдон солго, жогортон төмөн түшүрүлүп, ортосуна ар кандай формада крест чегилген. Н. ж. э. 1907-, 1963-жылдарда Жууку суусунун
(Ысык-Көл) жээгинен табылган. Эстеликтер сирия-несториан жана түрк тилинде, 1980-жылдары Бурана жана Бишкектен 9 км түштүк тараптагы Кара-Жыгач айылына жакын жерден табылган. Ч. Жумагуловдун эсеби боюнча Кыргызстанда 700дөй эстелик ачылган. Н. ж. э-н алгач Россиянын окумуштуу-сириологдору Д. А. Хволъсон, С. С. Слуцкий, П. К. Коковцов, Н. Н. Пантусов ж. б. изилдешкен. Н. ж. э. Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитажда (ЮОдөн ашык), Алматынын Борбордук тарых музейинде (20дан ашык), Кыргызстандын мамлекеттик тарых музейинде ж. б. жерлерде сакталып турат. Бул эстеликтердин түрк тилинде жазылгандарынын өткөн доорлордо кыргыз жергесинде жашаган элдердин тилинин тарыхын изилдөөдө мааниси чоң.
Ад.: Джумагулов Ч. Язык сирио-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971; ошол эле. Кыргызстандагы несториан-түрк жазуу эстеликтери (ХП1-ХГУ кылымдар). Б., 2011; Хволъсон Д. А. Предварительные заметки о найденных в Семиреченской области сирийских надгробных надписях // ЗВОРАО. Т. 1. СПб., 1886. Ч. Жумагулов.
