НЕСМЕЯНОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕСМЕЯНОВ Александр Николаевич [28.8 (9. 9). 1899, Москва - 17. 1. 1980, ошол эле жер] - химик-органик, СССР ИАнын академиги (1943; корреспондент мүчө, 1939), коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969, 1979). СССР мамлекеттик сыйл. (1943)жанаЛенин сыйл. (1966) лауреаты.

1922-ж. ММУну бүтүп, ошол эле жерде проф. (1935), кафедра башчысы (1944), декан (1944-48) жана ректор (1948-51). СССР ИАнын органикалык химия институтунда директор (1939-54), химия бөлүмүнө академиялык секретарь (1946-51) жана президенти (1951-61). Элемент-органикалык бирикмелер институтунун (азыр Н. атындагы) директору (1954-61), 1961-жылдан Жалпы жана органикалык химия бөлүмүндө академиялык секретарь, СССР илим жана техника боюнча Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктар комитетинин председатели (1947-61). Н. негизинен металл органикалык бирикмелерди изилдеген. 1929-ж. сымап органикалык бирикмелердин синтезинин диазометодун киргизгенетикалык Кийин бул метод менен 8п, РЪ, Т1, 8Ь, В1 металл органикалык бирикмелерди синтез жолу менен алышкан (Несмеянов реакциясы). Сымап органикалык бирикмелерден М£, С<1, А1, 8п ж. б. металл органикалык бирикмелерди синтездөөнүн жөнөкөй жана ыңгайлуу методун иштеп чыккан. Көмүртектин каныккан атомундагы электрофилдүү орун алмашуу механизмин түшүндүргөн. Хлордуу, бромдуу жана триарилоксондуу бирикмелерди биринчи жолу синтездеген. Н. көптөгөн чет өлкөлүк академиялардын мүчөсү. СССР Жогорку Советинин (3-5- шайл.) депутаты. Алты Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Элементоорганическая химия. М.,1970; Исследования в области органической химии. М., 1971.