НЕСЕВИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕСЕВИ, Шихаб ад-Дин Мухаммед ибн Ахмед ибн Али ибн Мухаммед ал-мунши ан-Насави [т. ж. белгисиз, Хурандиз (Хорандиз) чеби, Наса (Хорасан) округу - хижранын 647-ж. (1249/50) Халеб султанаты] - орто азиялык (хорасандык) тарыхчы. Араб, фарсы тилдерин жакшы бил­генетикалык 1224-ж. чейин Наса округунун бийлөөчүсү Нусрат ад-Дин Хамзанын жардамчысы («наиб») болуп, Нашдуван кыш-ндагы жана ал-Халкада­гы моңголдор менен салгылашууга (к. Моңгол басып алуулары, Моңгол империясы) катышкан. 1224-ж. Түндүк Иракка барып, Хорезмдин акыр­кы шахы Жалал ад-Дин султанга, ал өлгөндөн кийин (1231) Майафарикин (Мартирополь, Ар­мения менен Ирактын чек арасы) башкаруучусу ал-Малик ал-Музаффар Гази ж. б. эмирлерге кыз­мат кылган. 1241/1242-ж. анын араб тилинде жазган «Сират ас-султан Желал ад-Дин Манк­бурн» («Султан Желал ад-Дин Манкбурнанын

өмүрү») эмгегинде 1218-31-жылдарды камтыган окуялар же Чыңгызхандын аскеринин Орто Азия­га кириши берилген. Д’ Оссон, В. В. Бартолъд ж. б. окумуштуулар Н-нин эмгегинде тарыхый фактылардын так берилгенин, ошол мезгилге тийиштүү маалыматтарга кенен токтолгонун, бирөөнүн буйругу менен жазылбаган артыкчылы­гын жогору баалашкан. Бул эмгек алгач фран­цуз чыгыш таануучусу О. Удас тарабынан кото­рулуп, 1891-95-ж. Париж ш-нда басылып чык­кан. 1973-ж. Кыргызстандын тарыхы жана география­сына байланыштуу К. Б. Старкованын котор­мосунда «Султан Желал ад-Дин Манкбурнанын өмүрүнөн» үзүндүлөр, 3. М. Буниятовдун котор­мосу менен Баку ш-нда да басылып чыккан.

Ад.: Пигулевская Н. В„ Якубовский А. Ю„ Пет­рушевский И. П, Строева Л. В„ Беленицкий А. М. История Ирана с древнейших времен до конца XVIII века. М., 1958.