НЕРЧИНСК КЕЛИШИМИ (1689): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕРЧИНСК КЕЛИШИМИ (1689) - Россия өкмөтү менен манжурлардын Цин империясынын мамилесин аныктаган 1-келишим. 17-к-да кы­тай элин бийлеп турган манжурлардын Амур боюндагы орус жерлерин басып алуу аракети­нен чыккан кагылыштан (1680-жылдар) кийин 27-августта түзүлгөн. Ф. А. Головин баштаган орус элчилери менен Сонготу баштаган Цин өкмө­түнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Нерчинск чебин­де өткөн. Н. к. боюнча Россиянын өкүлдөрүнө Ал­база воеводдугунун көп аймагын бошотууга ар­гасыз кылган жоболорду таңуулашкан. Көзө­мөлгө алынуучу чектер да такталган эмес. Н. к. орус өкмөтүн канааттандырбаса да, эки импе­риянын саясий жана соода мамилесинин жак­шыртылышына мүмкүндүк берген. Россиянын көп жылдык дипломатиялык аракети менен 19-к-дын орто­сунда Н. к-нин шарттары кайрадан Айгун ке­лишиминде (1858) жана Пекин келишиминде (1860) каралган.