НЕРСЕНИН ЭРКИН ТҮШҮШҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕРСЕНИН ЭРКИН ТҮШҮШҮ - баштапкы ылдамдыгы нөлгө барабар болгон нерсенин Жердин тартылуу талаасындагы кыймылы. Эркин түшүүчү нерсенин кыймылы бир калыпта ылдамдатылган кыймыл болот. Н. э. т. тартуу күчүнүн жана чөйрөнүн каршылык күчүнүн аракетинин негизинде пайда болот. Тартуу күчү Жердин борборуна чейинки аралыкка, ал эми чөйрөнүн каршылык күчү нерсенин ылдамдыгына көз каранды. Н. э. т-нө Жердин 0=0,0000729 рад/сек бурчтук ылдамдыкка ээ болгон суткалык айланышы таасир этет. Эгерде Жердин формасы так сфера эместигин, суткалык айланышын жана чөйрөнүн каршылыгын эске албасак, анда түшүүчү нерсенин оордук борбору Жердин борборуна багытталган түз сызык боюнча кыймылдайт.