НЕРСЕЛЕРДИН СҮЗҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕРСЕЛЕРДИН СҮЗҮШҮ (суюктукта)- кандайдыр бир нерсенин суюктук бетинде, ошондой эле суюктук же газдын ичинде белгилуү деңгээлде кармалып туруу жөндөмдүүлүгү. Н. с. теория­сынын негизги маселеси суюктукка матырыл­ган нерсенин тең салмактуулугун жана турук­туулугун камсыз кылуу шарттарын аныктоо. Н. с-нүн маңызын Архимед закону аркылуу ачуу­га болот. Мында үч учур болушу мүмкүн: 1) эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн чоң бол­со, анда нерсе суюктукка чөгөт; 2) эгер нерсе­нин оордук күчү Архимед күчүнө барабар болсо, анда нерсе суюктуктун ичинде сүзүп жүрөт; 3) эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн кичине болсо, анда нерсе суюктуктун бетинде калкып жүрөт. Ар кандай нерселердин суюк­тукта чөгүшү же сүзүп жүрүшү алардын тыгыз­дыгына көз каранды. Анткени, нерсенин ты­гыздыгы массасына, демек салмагына жараша болот. Эгерде катуу нерсенин тыгыздыгы суюк­туктун тыгыздыгынан чоң болсо, анда нерсе суюктукка чөгөт, кичине болсо суюктукта кал­кыйт, ал эми нерсенин тыгыздыгы суюктуктун

тыгыздыгына барабар болсо, нерсе тең салмак­туу абалда болот. Мисалы, темир кесиндиси сууда чөксө, сымапта калкып калат.