НЕРСЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕРСЕ - материалдык объект. Жашап турушу­нун салыштырмалуу көз карандысыздыгы жана туруктуулугу менен айырмаланат. Ал касиетте­ри, түзүлүшү, милдеттери, сандык жана сапаттык өзгөчөлүктөрү боюнча мүнөздөлөт. Н. аң-сезимден тышкары жашап, идеалдык (түшүнүк, ой-пи­кир ж. б.) түрүндө да болушу мүмкүн. Н-нин өзгөрүшү кыймыл же процесс деп аталат. Кый­мылдын өзүн да Н. катары караса болот. Бол­муштагы касиеттер, мамилелер, байланыштар абстракттуу Н-лерди түзөт. Тигил же бул негиз­де түзүлгөн (бириккен) Н-лердин жыйындысы башка касиеттерге ээ болгон жаңы Н-ни жара­тат. Философиялык адабияттарда Н-лерге мамилелеш «объект» же «предмет» деген түшүнүктөр бар.