НЕРЕСТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕРЕСТ, урук таштоо - балыктын жыныс продуктуларын - жетилген жумурткасын (ик­расын) жана урук суюктугун кийин уруктанды­РУУ үчүн таштоосу. Көпчүлүк балыктын жумурт­касынын уруктануусу, ургаачысынын денесинен тышкары, сууда, жагымдуу шартта (урук таш­тоого ылайык жерде) өтөт. Балыктын байыр­лаган жеринен бир нече миң км алыс урук таш­тоочу жерге сүзүп баруусу урук таштоо миграция­сы деп аталат. Тузсуз сууда жашоочу балыктар икрасын ташка (шагылга) таштап, л и т о ф и л­д ү ү (мекирелер, сом сымалдар), өсүмдүккө таш­тоочулар фитофилдүү (каңылтыр, тыран ж. б.) жана суунун калың катмарына таштоочу пелагофилдүү (дөң мандай, чехонь ж. б.) балыктар болуп айырмаланат. Муздак жана мелүүн сууда жашоочулар жылына бир жолу жазында, жайында же күзүндө урук чачат. Тро­пикте урук таштоо мезгили анча байкалбайт, себеби тропик балыктары жыл бою көбөйөт. Кээ бир балык, мисалы, тынч океан сом балыгы өмүрүндө бир гана жолу урук таштап, анан өлөт.