НЕРВ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕРВ СИСТЕМАСЫ — жаныбар жана адамдын организминдеги бардык органдар менен система­лардын тиричилик аракетин бириктирип, алар­ды сырткы чөйрө менен тынымсыз байланышты­рып, организмдин бүтүндөй иштешин камсыз кылуучу түзүлүштөрдүн жана айрым нейрондор жыйындысы. Ал ички жана сырткы козголуу­ларды кабыл алып, аны талдайт жана организм­дин кызматын жөнгө салат. Жөнөкөйлөрдүн (бир клеткалуулар) Н. с. болбойт, бирок кээ бир инфузорияларда козголууларды өткөрүүчү тор­чолор болот. Жөнөкөй түзүлүштүү ичеги көң­дөйлүүлөрдө Н. с. диффузия, кээ биринде нерв түйүндөрү (ганглий) түрүндө болот. Эволюция

процессинде Н. с-нын түзүлүшү жана функциясы татаалданган. Омурткалууларда эмбриондук өрчүүдө нерв түтүгүнүн баш бөлүгү 3 ыйлаакчага бөлүнүп, андан алдынкы, ортонку жана кара куш мээ өөрчүйт. Сүт эмүүчүлөрдүн Н. с. татаал түзү­лүштө, к. Ворбордук нерв системасы, Вегета­тив нерв системасы, Мээ.