НЕОФРЕЙДИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕОФРЕЙДИЗМ - психологияда, психиатрия­да, социологияда жана философияда кеңири та­раган багыт. Н. өкүлдөрүнүн башын бириктир­ген негизги себептер фрейдизмдин идеяларын, айрыкча фрейдизмдин коомдук көрүнүштөргө карата психологизм жобосун колдоочулук, ошондой эле, 3. Фрейддин окуусун социологиялашты­руу багытында кайра өзгөртүп түзүүгө болгон да­лалат эсептелет. Мындай маанайдагы Н-дин не­гизи психоанализ окуусун бөлүп-жарган А. Ад­лер, О. Ранк, В. Райх, К. Г. Юнг өңдүү ойчул­дар тарабынан түзүлгөн. В. Райхтан башкала­ры Фрейддин биологизмин, сексуалдык детер­минизмин жана инстинктивизмин толугу менен

чет­ке кагышкан, аң-сезимсиздик абал-аракетине анчалык жогору баа беришкен эмес. Н-дин ка­лыптанышына Р. Бенедикт, К. Дюбуа, Б. Ма­линовский, Р. Линтон, М. Мил, Э. Сапира, И. Халлоуэл сыяктуу этнологдордун этнопси­хикалык изилдөөлөрү зор таасир берген. Мисалы, Н. өкүлдөрү Фрейддин «Эдип комплекси» уни­версалдуу эместигин далилдеген. Алар маданият өзгөчөлүктөрүнө толук көз каранды болгон пси­хикалык өзгөчөлүктөр эч өзгөрбөс делсе, адам табияты ийкемдүү (пластикалуу) экенин далил­дешкен. К. Хорин АКШда эмиграцияда жүрүп, 1932-ж. Америкадагы нерв оорулуу пациенттер Европадагы ошондой оору менен ооруган пациент­терден түп-тамырынан айырмалана турганын аныктаган. Муну менен Фрейддин инстинкттер туу­ралуу теориясынан баш тарткан. Неофрейдист­тер адам ишмердигиндеги аң-сезимсиз абал-ара­кет менен эмоциялуу мотивациялар идеясын жак­тап кала беришкен.