НЕОФАШИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕОФАШИЗМ - 2-дүйнөлүк согуштан кийин таратылган фашисттик уюмдардын саясий жана идеялык багытын уланткан азыркы замандагы оңчул-радикалдык кыймыл (к. Фашизм). Азия менен Африкада колониялык системанын кыйра­шына байланыштуу Батыш Европадагы мурда­гы метрополияларга иммигранттар келе баш­таган. Алардын көбөйүшүнө байланыштуу Ев­ропада 1960-80-жылдары оңчул-радикалдык ба­гыттагы уюмдар Германия, Улуу Британия, Франция, Австрия, АКШ (Жон Бэрчтин коому, америкалык улутчулдук партия ж. б.) жана Батыш өлкөлөрдө (бөтөнчө Эстония менен Латвияда), Россияда (Элдик улуттук партия, Орус улуттук биримдиги, Славян союзу, Мыйзамсыз иммиг­рацияга каршы кыймыл ж. б.) уюшулуп, Н. күчөгөн. Европалык социалдык кыймыл (Мальмё ин­тернационалы), Европалык улуттук партия ж. б. сыяктуу кээ бир неофашисттик уюмдар эл ара­лык деңгээлде түзүлгөн. Н­гуманизмге каршы турат жана фашисттик атрибуттарды (свастика, кара түстөгү униформа, фасция ж. б.) жана ырым­жырымдарды (колун өйдө көтөрүп учурашуу ж. б.) колдонот. Социалдык жана улутчулдук де­магогия методдорун пайдаланып, неофашисттер өлкө калкынын айрым бөлүгүнө (майда ишкер­лерге, орто катмардагы чиновниктерге, жаш­тарга) таасир этүүгө аракеттенет. Неофашист­тик уюмдар менен топтордун таасири анча болбо­со да, алар кыйла коркунучтуу болуп саналат. 1991-ж. СССР тарагандан кийин элдин турму­шунун начарлашы, жумушсуздук жана Кавказ менен 0. Азиядагы улуттар аралык чыр-чатак­тардын натыйжасында Россияда да орус улуту­нун мүдөөлөрүн барынан жогору койгон ради­кал партиялар менен кыймылдар тез күч ала баш­таган. Н-ге коомдун демократияланышы жана күчтүү мыйзамга баш ийүү гана тоскоолдук боло алат.