НЕОТЕНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕОТЕНИЯ (пёоз - жетилбеген, жаш жана грекче teino - чоюу, узартуу) - айрым организмдердин личинка абалында же жеке өрчүүнүн баштап­кы стадиясында жыныстык жетилүүгө жана көбөйүүгө жөндөмдүүлүгү. Бул учурда жаныбар личинкасында жыныс системасы гана жетил­ген организмге мүнөздүү өрчүп, ал эми башка органдары личинка абалында кала берет. Ай­рым учурда личинкалар метаморфозго учурабай, узак убакытка чейин өсөт, бирок көбөйүү жөн­дөмдүүлүгү болбойт. Онтогенезде жашоо чөйрөсү өзгөрүп туруучу организм түрлөрүнүн ыңгайла­нуусу үчүн Н. жөндөмдүүлүгүнүн мааниси чоң. Н. кээ бир курттарда, рак сымалдарда, жөргө­мүш сымалдарда жана курт-кумурскаларда, ай­рыкча жерде-сууда жашоочуларда кеңири тарал­ган. Мисалы, куйруктуу жерде-сууда жашоочу ам­бистоманын жыныстык жактан жетилген суу­да жашоочу личинкасы - аксолотль. Жылуу суу­да жашоочу амбистоманын онтогенези метамор­фоз менен жүрөт, терең, муздак сууда жашоочула­рында Н. байкалат. Толук эмес Н. тритондор­дун кээ бир түрүнө мүнөздүү. Н. байкалуучу кээ бир жерде-сууда жашоочулардын метаморфозу­нун кечеңдеши калкан безинин функциясынын начарлашы менен байланыштуу.