НЕОТЕКТОНИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕОТЕКТОНИКА (нео... жана тектоника), ж а­ң ы же азыркы кездегитектони­к а - тектоника илиминин бир тармагы. Нео­ген-антропоген мезгилдериндеги тектоникалык процесс­терди изилдейт. Н. жер кыртышын жана анын түзүлүшүн өзгөртүп, жаңы структуралык фор­маларды, азыркы рельефти пайда кылган. 1937-ж. С. С. Шульц Теңир-Тоонун азыркы ре­льефин илимий негизде түшүндүрүү үчүн «Н.» деген терминди колдонгон. 1948-ж. В. А. Обручев Н-ны геология илиминин өз алдынча тармагы катары караган. 1950-ж. Н. И. Николаев Н-ны тектоникалык кыймылдардын активдешиндеги геол. тарыхында азыркы кездеги тектоникалык этап деп бөлгөн. Жер кыртышынын түрдүү структуралык элементтеринде (платформа, ороген, азыркы гео­синклиналдуу аймак), олигоцендин аягында, неоген менен антропогенде кыймылдар бир эле убакта активдешкен эмес. Бул көрүнүш окумуш­туулардын арасында бир топ талаш-тартыштар­ды пайда кылган. Тектоникалык процесстерди изилдөө үчүн төмөнкү ыкмалар колдонулган.

Тарыхый геол.- байыркы деңиз жээктеринин басырылышын же көтөрүлүшүн, курулуштарды суу капташын же суунун тар­тылышын изилдөө; т е к т о н. жана г е о м о р­ф о л. - өзөн, суу тармактарына жана жер бети­нин өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү; г е о ф и з. - сейсмдик, электрометрлик анализдер; т а р ы­хый-археол. - көмүлүп же суу астында калган археологиялык эстеликтерди изилдөө менен тектоникалык кыймылдын багытын, ылдамдыгын тактоо; биогеогр. - өсүмдүктөр менен жаны­барлардын айрым түрлөрүн же комплексин изилдөө. Азыркы тектоникалык процесстер так при­борлордун (кайталап нивелирлөө, триангуля­ция), математикалык эсептөөлөрдүн жардамы менен изил­денет. Жер бетинин тектоникалык картасы түзүлөт. Н-лык изилдөөлөр инженердик, гидротех. (плотина, порт ж. б.) курулуштарды долбоорлоодо, эл чар­басын суу менен камсыз кылууда, нефть-газ түтүк­төрүн жүргүзүүдө, нефть, газ кендерин, чачын­ды элементтерди чалгындоодо, жер титирөөнү алдын-ала билүүдө зор мааниге ээ.

Ад.: Шульц С. С. Анализ новейшей тектоники и рельеф Тянь-Шаня. М., 1948; Николаев Н. И. Но­вейшая тектоника СССР. М.; Л., 1949; Современные движения земной коры. М., 1973; Чувардинский В. Г. Букварь неотектоники. Новый взгляд на ледниковый период. Апатиты, 2008. К. Сагындыков.