НЕОРЕАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОРЕАЛЙЗМ, көркөм адабиятта модернисттик багыттар менен клерикалдык умтулууларга каршы багытталган агым. Бул тарапта өмүр баяндык учур менен ойдон чыгарылган окуялар айкалышкан «лирикалык документ» деген жанр өзгөчө өрчүгөн. Буга В. Пратолининин «Магадзини көчөсү», «Үй-бүлө хроникасы», К. Левинин «Христос Эболиге токтоду» аттуу чыгармалары мисал. Неореалисттер чындыкты образдуу туюнтууда тилдин жөнөкөйлүгү менен айкындыгына умтулушкан. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын ортосунда турмуштагы татаал карама-каршылыктардын маңызын ачууда эмпириялык жолго түшүп, Н-дин чектелиши байкалган; искусстводо - 20-к-дын 40-50-жылдар ортосунда италян киносу менен ад-нда пайда болгон багыт; антифашисттик жана улуттук демокр. искусство үчүн күрөштө калыптанган. Карапайым адамдын кадыр-баркын сактоону, социалдык адилеттүүлүк идеяларын жактаган. Фильмдерди жаратууда алар негизинен документтик фактыларга таянып, көбүнчө адис эмес адамдарды натурадан тарткан. «Рим - ачык шаар» фильми (1945, реж. Р. Росселлини) Н-дин көркөм манифести болгон. Кино искусствосунун башкы өкүлдөрү - Ч. Дзаваттини, Л. Висконти, В. Де Сика, Ж. Де Сантис, П. Жерми; адабият-та - В. Пратолини, К. Леви, Э. Де Филиппо. Н. Италия кинематографиясынын жана башка өлкөлөрдүн прогрессчил киносунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.