НЕОЛОГИЗМДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕОЛОГИЗМДЕР (нео... жана грекче 16еоз - сөз) - 1) коомдук турмуштагы ар кандай зарылчылык­тан улам пайда болгон жаңы сөздөр. Алар жал­пы тилдик жана автордук (жеке стилдик) деп бөлүнөт. Жалпы тилдик Н. жаңы чыккан зат­ты же көрүнүштү атоо зарылчылыгына байла­ныштуу пайда болот (мисалы, мониторинг, инно­вация, сайт ж. б.) да, тилде толук өздөштүрүлгөн соң Н. болуудан калат. Автордук Н. көбүнчө стилдик максатта чыгарылып, контексттен сыр­ткары дээрлик колдонулбайт жана анча кеңири тарала албайт. Н. тилде өнүмдүү моделдер боюнча же мурдатан бар үлгүгө салынып да жасалат: баттама - вклейка (бас+ма=басма, жаз+ма= =жазма), тааным - познание (ал+ым=алым, бер+ым=берим); 2) к ө р к ө м адабиятта-Н. адабий тилди байытуучу, өркүндөтүүчү булак­тардан болуп эсептелет. Ошондуктан жазуучу­лар чыгармаларында Н-ди кеңири колдонушат. Н. сөздөр көркөм адабиятта каармандардын интел­лектуалдык деңгээлин, кесибин, жекече мүнөзүн ачып берүү менен жазуучунун тил маданиятын байы­тат. Н. жаңы түшүнүктөр, туюнтмалар аркы­луу гана эмес, эски сөздөрдүн жаңы мааниге ээ болуусунун негизинде да курулушу мүмкүн. Мисалы, «борбор» деген сөз мурда кыргыз элинин улуттук оюну болгон ордонун дал ортосуна коюлган тыйын турган жерге карата айтылчу. Кийин бул сөз «борбор шаар» деп жаңы маани­ге өттү. Ар мезгилдин өзүнүн Н. сөздөрү бар. Азыр экономикага, компьютерге, техникага, саясат­ка байланыштуу көп жаңы сөздөр тилибизге улам-улам кирип жатат. Н. кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектерде, монографияларда ар­бын учурайт. Жаңы илимий түшүнүктөрдү, туюнт­маларды, аныктамаларды берүүдө Н-ди колдо­нуу зарыл.