НЕОЛИНГВЙСТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОЛИНГВЙСТИКА — италян лингвистикасында 20-к-дын 20-жылдары младограмматизмге оппозиция катары чыккан багыт. Итал. идеалист философ Б. Кроченин айтуусуна жана лингвистикалык географияга таянып, Н. тилди «рухий, үзгүлтүксүз көркөм чыгармачылык» деп белгилеген. Н-нын младограмматиктер чыгарган фонетикалык закондорду этибар албай, фонетиканы өзүнчө изилдегенге каршы чыгып, тил семантикасын биринчи планга койгону ушундан чыккан. Тилдеги өзгөрүүлөрдү Н. мода, бедел сыяктуулардын таасиринин натыйжасы катары түшүндүрүп, тил коллективдүү эмес, индивидуалдуу көрүнүш деп эсептеген; тил тарыхын коом тарыхына байланыштуу, тексттин жиктелишине карай изилдөөгө үндөгөн. Лингвистикалык география менен Н-нын тилдин перифериялык (диалект, арго, бала тил ж. б.) ашкере изилдөөлөрүнөн тилде чек жок деген тыянак чыгат. Ареалдык лингвистика методдорун да Н. багыты иштеп чыккан.