НЕОКОЛОНИАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОКОЛОНИАЛЙЗМ (нео... жана латынча со!бп1а - кыштак) - Азия, Африка, Латын Америкасындагы мурдагы колониялык абалдан бошонуп, өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге карата мурунку метрополия саясатынын системасы; өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдөн эски колониялык системасынын ордуна келген, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн үстүнөн кыйыр көзөмөлдөө формасы. Н. экономикалык, саясий, социалдык жана маданий өз ара аракеттердин тең укуктуу жана адилет эмес формалардын өнүгүшү менен өзгөчөлөнөт. Н-дин негизин - көпчүлүк учурда саясий жана согуштук басым көрсөтүүнү пайдалануу жана ички реакциячыл күчтөргө таяныч жасоо менен коштолгон, инвестиция, кредиттер жана супсидиялар түрүндөгү экономикалык экспанция түзөт. Кредит алып, карыз болгон өлкөлөрдүн жылдык проценттердин төлөөсү эле кредит берген өнүккөн өлкөлөрдүн пайда табуу булактарынын негизгилеринин бирине айланууда. Кредит берген өнүккөн өлкөлөр карызкор мамлекеттерде ички туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн камсыз болушун карыздардын жылдык проценттерин төлөөнүн гарантиясы катары эсептешет. СССР жоюлгандан кийин өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен, бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирген мурунку союздук респ-лар да ар кандай деңгээлде Н. саясатына дуушар болуу-
да. Н-дин өнүгүүсүнүн бул жаңы баскычы атайын, терең жана ар тараптан изилденүүгө тийиш.