НЕОКАНТЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОКАНТЧЫЛЫК - 20-к-дын башында И. Канттын философиясын кайрадан ырааттуу иштеп чыгууга умтулган агым. О. Либмандын «Кантка кайрылгыла!» (1865) урааны бир топ өлкөлөргө тараган. Н-тын чыгышына И. Мюллер, Г. Гельмгольц ж. б. физиолог илимпоздордун тышкы сезим жөнүндөгү талдоолору түрткү болгон. Г. Коген Кантты «оңцоп», ырааттуу, логикалык, гнесеол. окуу катары көрсөтүүгө тырышкан. Н-ты марксчыл философиянын негиздерин ревизиялоо үчүн пайдаланышкан жана марксизмди аны менен бириктирүүгө аракеттенишкен. 1980- жылдары Н-тын Баден мектеби пайда болуп, анын көңүлүнүн борборунда гуманитардык проблема, эң оболу тарыхый таанып билүү турган. Өкүлдөрү: В. Виндельбанд, Г. Риккерт илимдерди изилдөө объектиси боюнча (жаратылыш жана рух жөнүндө) эмес, илимдерди изилдөө методу боюнча: табият таануу илимдери жана маданият жөнүндөгү илимдер деп бөлүштүрүүнү сунушташат.