НЕНЁЦ АВТОНОМИЯ ОКРУГУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕНЁЦ АВТОНОМИЯ ОКРУГУ - РФтеги субъект. Архангел обл-нун курамында. 1929-ж.
15-июлда уюшулган (1977-ж. чейин Ненец улуттук округу). Россиянын Европа бөлүгунүн эң четки түндүк-батышында жайгашкан. Ал Ак, Баренц жана Кара (Карск) деңиздери менен чулганат. Округдун курамына Колгуев жана Вайгач а. да кирет. Аянты 176,7 миң км2. Калкы 2,0 миң (2009); негизинен орустар (5,0%) басымдуу, ошондой эле ненец, коми ж. б. улут өкүлдөру да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы бир кж2ге 0,26 киши. Динге ишенгендердин көбү православныйлар, ошондой эле протестанттар да бар. Ненецтер салт болуп калган православие динин тутат. Администрациялык борбору - Нарьян-Мар. Шаар калкы 63,4%. Администрациялык-аймактык жактан бир шаарга, 2 шаарчага бөлүнөт. Түндүк-Батыш федерация округуна кирет. Рельефинде Тиман токол тоосу жана Пай-Хой к. тоосу (бийикт. 467 м) өзгөчөлөнүп турат, Чоң жана Кичи Жер тундралары бар. Климаты катаал. Январдын орт. температурасы түштүк-батышында - 12°С, түн-чыгышында -22°С, июлдуку түндүгундө 6°С, түштугүндө 13°С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм. Көп жылдык тоң жатат. Түндүк бөлүгүн тундра, туштугун токойлуу тундра ээлейт. Чымдак-глей топурактуу. Кыска дарыялары жана майда көлдөрү көп. Негизги суусу - Печора д. (кеме жүрөт). Тундра өсүмдүктөрү өсөт. Региондун дүң продукциясы 12605,9 миллион рублди түзөт. Андагы ө. ж-дын үлүшү 65,8%, а. ч-ныкы 1,2. Негизги тармагы отун ө. ж. Ири ишканалары: «Полярное Сияние», «Нарьян-Марнефтьгаз» ЖЧК, «Тотал РазведкаРазработкаРоссия», «Печорский рыбокомбинат», «Мясопродукты» ААКтары. Чарбасынын башкы тармактары - бугучулук, балык кармоо, аңчылык жана деңиз айбанаттарын-асыроо. Айбанаттарды капаста багуу (көгүлтүр түлкү, калтар, суу күзөн) өнүккөн. Тамак-аш (балык беленделет, сүт, эт консервалары), тактай тилүү ө. ж. ишканалары иштейт. Картөшкө, турнепс айдалат. Жылытмаларда жашылчалар өстүрүлөт. Автомобиль жолунун уз. 214,2 км (анын ичинде 58,5 кмп асфальтталган), суу жолунуку 240 км. Васильков - НарьянМар газ кууру курулган. Деңиз порттору: Нарьян-Мар, Амдерма. Жалпы билим берүүчү 40 окуу жайы, 3 мектепке чейинки мекемелери жана аэропорту бар. Үч музей уюштурулган.
Р. Карачалова.