НЕМЕРТИНДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕМЕРТИНДЕР (Nemertini) - омурткасыз жа­ныбарлар тиби. Денеси курт сымал, уз. 0,5 лгледен 30 мге, туурасы 9 лглгге жетет. Баш жагында оозу, сезүү органдары жана тумшук тешиги бо­луп, андан узун, булчуңдуу тумшугун коргонуу жана кол салуу үчүн чыгарат. Денеси түктүү эпи­телий менен капталган. Анын астында көп кат­марлуу күчтүү булчуңу бар. Дене көңдөйү па­ренхима менен толгон. Түз ичегиси арткы учунда ануска ачылат. Кан айлануусу жабык. Бөлүп чыгаруу органы жакшы өрчүгөн. Нерв система­сы мээ түйүнүнөн жана узата кеткен нерв талча­лардан турат. Айрым жыныстуу. Бир классы, 800дөй түрү бардык океан, деңиздердин көбүнчө түбүндө жашоочу жырткычтар, айрымдары мол­люска, краб жана деңиз жылдыздарынын мите­си жана симбионту. ЗОдай түрү тузсуз сууда, Юдон ашык түрү топуракта (жерде) жашайт.