НЕМАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕМАН (литвача Нямунас)- Беларуссия, Литва жана Россия аркылуу аккан дарыя. Уз. 937 км, алабынын аянты 98,2 миң км2. Минск дөңсөөсүнүн түштүгүнөн башталып, Неман оёңу, Балтика жалчасы (мында босоголорду пайда кылат), Ортонку Литва ойдуңу аркылуу агат да, Балтика деңизиндеги Курши булуңуна куярда
дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Нярис (Вилия) - оң, Щара, Шяшупе - сол. Орт. чыгымы 685 м3/сек. Жазында суусу кирип, жайында, күзүндө жана кышында жамгырдан ташкындайт. Декабрдан марттын аягына чейин тоңот. Н. каналдар аркылуу Преголя д., Днепр (Огинский каналы; азыр соолуп калган) жана Висланын (Август каналы) алаптары менен туташат. Н-дын алабындагы суунун жартысын ВилеяМинск суу системасы аркылуу Днепрдин алабына бурат. Чатынан 782 кмге чейин (Каунас ГЭСинде токтойт) кеме жүрөт. Воюнда Гродно, Друскининкай, Каунас, Советск ж. б. ш. жайгашкан.
