НЕКТОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕКТОН (грекче nektos - сүзүүчү ) - суу агымына туруштук бере алуучу жана бир кыйла аралыкка активдүү сүзүп жүрүүчү жаныбарлар жыйынды­сы. Н-дун өтө көп жана туруктуу өкүлдөрү - ба­лыктар, кальмарлар, кит сымалдар, деңиз жы­ландары. Н-го, ошондой эле кургактыкта тукумдап, бирок сууда азыктануучу жаныбарлар, мисалы, калак буттуулар, суу таш бакалары, пингвин­дер, калан ж. б. кирет. Алардын денеси сүйрү формада болуп, кыймыл органдары жакшы өрчүгөн. Н. деңиздин үстүнкү тереңдигинде аб­дан ар түрдүү жана көп санда, себеби ал андагы азыктардын молдугуна байланыштуу.