НЕКРОПОЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕКРОПОЛЬ (грекче nekros - өлүк жана polis - шаар) - 1) байыркы дүйнөдөгү көрүстөндөрдүн аталышы. Н. - өтө баалуу археол. эстелик. Аларды изилдөө аркылуу байыркы адамдардын диний ишенимин, чарбасын, коомдук катнаштарын, өлгөн адамдын расалык тегин, өлүк коюу салттарын, мүрзө курулуштарынын түрлөрүн (күмбөз, пирамида, мавзолей ж. б.) аныктоого болот; 2) белгилүү адамдар коюлуучу учурдагы айрым көрүстөндөрдүн аталышы. Мисалы, Россияда Новодевичье көрүстөнү, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү ж. б.