НЕКРОЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕКРОЗ (грекче nekrosis - өлүү) — тирүү организмдин айрым бөлүктөрүнүн, ткань же клеткалардын жансызданышы. Анын пайда болушуна механикалык, физикалык (травма, үшүк алуу, күйүк), химиялык (кислота, щёлочь) таасирлер, кан айлануунун бузулушу ж. б. себеп болот. Н-до клетка жана клетка аралык заттарда мүнөздүү өзгөрүүлөр байкалат. Клетканын ядросу жана цитоплазмасы бүрүшөт, клетка мембранасынын өткөргүчтүгү жогорулап, осмос тең салмактуулугу өзгөрөт; гидролиз ферменттеринин активдүүлүгү күчөп, клетка эрийт. Н-дун өтүшү анын пайда болуу себептерине, жайгашкан жерине, таралышына жараша болот. Н-го учураган ткань ажырап түшөт, ириңдеп эрийт же туташтырма тканга айланат. Н. болгон органдын структурасы өзгөргөндүктөн, функциясы бузулат, ошондой эле к. Гангрена.