НЕКРАСОВ Николай Алексеевич: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕКРАСОВ Николай Алексеевич [28. 11(10. 12). 1821, Немиров деген жер, азыркы Винница облнун аймагында - 27. 12. 1877 (8. 1. 1878), Петербург] - орус акыны. Балалык чагы Ярославль обл-нун Грешнев (азыр Некрасов) кыш-нда өткөн. Бул анын дыйкандар менен волгалык бурлактардын оор турмушун өз көзү менен көрүп, крепостнойчулуктун ырайымсыз адеп-ахлагын эртелеп аңдап билишине мүмкүндүк берген. 1832-37-ж. Ярославль гимназиясында окуган. 1838-ж. «Ой»,

1840-ж. «Үмүтжана добуш» ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Бул жыйнактагы ырлар Белинский тарабынан учурунда катуу сындалган. 1841-ж. Белинский менен таанышканы кийин Н-дун акындык тагдырында чечүүчү мааниге ээ болгон. «Бешик ыры» (1845), «Караңгы көчө менен бара аламбы» (1847) аттуу ырларында шаар турмушунун социалдык карама-каршылыктары, «Мекен» (1846), «Ит агытып, аң уулоо» (1846) сыяктуу ырларында крепостнойлук укук, помещиктер турмушу сындалат. Н. 40-жылдары жакырлардын турмушунан алып прозалык чыгармалар да жазган: «Петербургдун булуң-буйткалары» (1845) очерки, «Дүйнөнүн үч өлкөсү» (1849; А. Панаева экөө) романы ж. б. 1847-ж. Белинскийдин колдоосу менен «Современник» журналын чыгарууга киришкен. Бул жылдары акын крепостной айыл-кыштактардагы кайгыны, жокчулукту көрсөтүүдөн («Кыштакта», 1853) калк каршылыгын (протестин) көрсөтүүгө өтүп, революционерлердин образын түзөт («Бактысыздар» поэмасы, 1856), эзилген элдин ырчысы катары чыгат («Кире бериштеги ойлор», 1858, кыргызчасы - 1971; «Волгада», 1860; «Темир жол», 1864). Реформадан кийинки жылдары Н. дыйкандардын турмушун, аял тагдырын, помещиктердин зомбулугун тайманбай акыйкат сүрөттөгөн чыгармаларды жараткан: «Кыдырма соодагерлер» (1861), «Кызыл тумшук карт аяз» (1863, кыргызчасы - 1955), «Россияда ким жыргайт» (1863-77, кыргызчасы - 1975) поэмалары. «Современник» жабылгандан кийин (1866) Н. «Отечественные записки» журналын (1868) чыгарууга өткөн. Бул мезгилден баштац дворяндык-буржуазиялык коомдун кемчиликтерин ашкерелөө, аны сынга алуу («Замандаштар» аттуу сатиралык поэмасы, 1875), революционерлерди даңазалоо [«Чоң ата» (1870), «Орус аялдары» (1871-72) деген поэмалар] анын поэзиясындагы негизги темага айланган. Н. орус поэзиясында Пушкин менен Лермонтовдун реалисттик салтын жаңы шартта өрчүткөн. Анын чыгармалары орус классикалык жана совет поэзиясынын өрчүшүнө жагымдуу таасир тийгизген. Н-дун көп чыгармалары кыргызчага которулган.