НЕЙТРОН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕЙТРОН (англ. neutron, латынча neuter - тиги да, бу да эмес) - электр зарядсыз, спини 1/2, массасы протондун массасынан бир аз чоң элементардык бөлүкчө (п). Н. эркин абалда туруксуз жана 16 мин гана өзүнчө боло алат, оң заряддуу протон менен бирдикте атомдун ядросун түзөт. Н. 1932-ж. англ. физик Ж. Чедвик тарабынан ачылган. Бул ачылышты 1939-ж. немис окумуштуулары В. Боте жана Г. Бекер жүргүзгөн тажрыйбаларында байкашкан. Жогорку энергиядагы р-бөлүкчөлөрдүн агымы менен бериллийди ж. б. жеңил элементтерди аткылоодо протонго салыштырганда өтө күчтүү нурлануу алынган. Н-дун тынч абалдагы массасы тп»1,675-10"27 кг энергиясы Еп»93,95731 МэВ. Алынган Н-дун массасы 1,23‘10"13 см болгон радиустагы өтө кичине сферанын көлөмүнө топтолгон. Стабилдүү атом ядросунун курамында болгондо гана Н. туруктуу болот. Ал эми эркин Н. протон, электрон (е-1) жана электрондук антинейтриного ( че) ажырап кетүүчү, туруксуз бөлүкчө: п—>р+ ё+ чем Н. ядролор тарабынан жутулуп кеткендиктен, заттардын курамында аз кездешет. Ошондуктан эркин Н. жаратылышта өз алдынча болот же лабор-да ядролук реакцияда алынат. Өз учурунда эркин Н. ядролор менен аракеттенишүүгө жөндөмдүү. Ал өзүн жоготуу менен оор ядролорду бөлүүдө өтө маанилүү тигил же бул ядролук реакцияларды пайда кылат. Н. ядролук физиканы жана катуу заттардын физикасын изилдөөдө негизги курал болуп саналат. Н-дун салыштырмалуу ажыроо мезгили болжол менен 15,3 мин. Зат чоң жыштыкта болгондо, мисалы, атом ядросунун ичинде жана Н-дук жылдыздарда Н. туруктуу абалда болот. Н. элементардык бөлүкчөлөр катышкан бардык белгилүү фундаменталдык өз ара аракеттенишүүлөргө катышат. Түрдүү заттарда Н-дор пайда кылган реакцияларды карап, жалаң гана Н-дордун санын эмес, алардын энергиясын аныктоого болот. Н. физикасы боюнча изилдөөлөр ядро реакторлорун жана атом электр станцияларын курууга алып келди.