НЕЙРОДЕРМИТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕЙРОДЕРМЙТ (нейро... жана грекче йегша - тери) - теринин нерв-аллергиялык оорусу. Мында дене дүүлүгүп кычышат, тери кургайт, кийинчерээк өзгөрөт. Н. түрлүү экзогендик жана эндогендик факторлордун таасиринен болушу мүмкүн. Нерв системасынын, ички секреция бездеринин, зат алмашуунун бузулушу, тукум куугучтук, ичеги карын оорулары чоң мааниге ээ. Н-тин диффузиялык (таралган) жана чектелген түрү бар. Диффузиялык Н. көбүнчө жаш балдарда кездешет. Буга балдардын экзема, диатез оорулары түрткү берет. Көбүнчө бут, колдун салаасы, тизе муундары, билектин ички бети, моюн териси ж. б. кычышып, тырмаганда издер даана көрүнөт, тери дүрдүйүп, калыңданат, кээде майда ириңдүү жаралар пайда болот. Ооздун тегереги, көздүн айланасы кызарып, кабырчактар көбөйөт. Бала чыргоолонуп, бат чарчайт, уйкусу качып, тамакка табити тартпайт. Чектелген Н. менен демейде чоң кишилер ооруйт. Ал моюн, желке, сандын ич жагы, жыныс органдарынын тегерегинде пайда болот. Н. күз, кыш айларында бат-бат кармап, жайында басандайт. Дарылоону врач жүргүзөт. Туура тамактануу (витаминдүү), өз убагында эс алуу, санаторий-курортто дарылануу сунуш кылынат. Алдын алууда эмгек жана эс алуу, тамактануу режимин сактоо, нерв-психикалык чарчоодон сактануу, баланын диатез жана экзема ооруларын жакшы дарылоо, терини суук менен ысыктан жана түрдүү дүүлүктүргүчтөрдөн (химиялык ж. б.) коргоо зарыл.