НЕГРЛЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕГРЛЕР (фр. nègre, испанча negro, латынча niger - кара, арабча мавр) - экватор элдеринин жалпы аталышы; 1) Тропиктик жана Түштүк Африканын жергиликтүү калкы. Буларга Африкадагы көптөгөн тилдерде сүйлөгөн калктар менен уруулар: банту, тур, атлантикалыктар, нилоттор ж. б. кирет. Жалпы саны 230 миллион киши (2004); 2) Америкадагы Н. - 16-19-к-да Африкадан алып келинген, жергиликтүү индейлер менен аралашкан португал, испан, француз, голланд тилдүү түрдүү уруулардын урпактары. Жалпы саны 110 миллион киши (2004). Н-дин көбү Кариб деңизинин алабында жайгашкан. Гаитиде, Ямайкада, Гайанада, Сурийамда эл катары калыптанган. Башка элдердеги Н. ошол элдин негизги калктарынын курамына кирген.