НЕВАКЕТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕВАКЕТ, Навекат - о. кылымга таандык шаарлардын бири. Чуй өрөөнүнүн чыгыш тарабында жайгашып, Ал-Хорезми (9-к.) боюнча 44° кеңдик, 104° узундуктан орун алган. Тарыхчылардын көпчүлүгү (А. Н. Бернштам, Ө. Караев, Т. Д. Жуманалиев, В. Д. Горячева ж. б.) аны азыркы Орловка ш., В. В. Бартолъд ж. б. ЖелАргы (Жел-Арык), айрымдары Кызыл-Суу кышнын аймагы (А. Камышев) деп эсептешет. Жазма маалыматтарда (Согду документтери) биринчи жолу 711-ж. эскерилет. 737-ж. Н. түргөштөрдүн каганы Сулук Чабыш-чор (моюн сунбаганы үчүн арабдар аны «Абу Музахим» - «Сүзөөнөк» деп аташкан) турган ордо-шаар болгон. Улуу Жибек жолунун жээгинде жайгашкандыктан, Н. стратегиялык жактан маанилүү шаарлардын бири болуп эсептелген. 748-ж. кытай кол башчысы Ван Чжен-сян Тургөш кагандыгынын борбору Суябды талкалагандан кийин, Н. Батыш түрк (карлук) каганынын ставкасына айланган. Археол. казуулардын негизинде Н. ш-нын тургундары 8-10-к-да будда дини менен катар несториан динин кабыл алышканы далилденген. Н. шаар калдыгын 20-к-дын 39- 40-ж. археологдор А. Н. Бернштам, 50-60-ж. П. Н. Кожемяко жана Л. Р. Кызласов, 80-90-ж. В. Д. Горячева ж. б. изилдеген. Археол. казуу учурунда түрдүү түстө боёлгон карапа жана айнек идиштин сыныктары, үй-тиричилигине керектүү шаймандар (бычак, кайчы ж. б.), асыл буюм (күмүш билерик, акак таштан жасалган шуру ж. б.), согуш буюмдары (жебе, окчонтой), түргөш жана Караханиддер дооруна таандык тыйындар табылган. Н. ш. болжол менен 13-к-да жашоосун токтоткон, бирок шаар калдыгы кййин дагы көрүстөн катары пайдаланылган.