НЕАНДЕРТАЛЬ АДАМДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕАНДЕРТАЛЬ АДАМДАРЫ, п а л е о а н­троптор — байыркы адамдар. Алар Европа, Азия жана Африкада мындан 200-35 миң жыл мурда (алгачкы палеолиттин аягы жана ортонку палеолит) жашаган. 1856-ж. Дюссельдорфко (Германия) жакын Неандерталь аймагында табылган адам сөөгү илимий сыпаттама алган соң, Н. а. деп аталып калган. Н. а. архантроптор менен казмадан табылган азыркы типтеги адам­дар аралыгында жашаган. Батыш Европа­нын Н. а. орто бойлуу, мээси көлөмдүү, кабак

сөөгү жакшы же­тилген, маңдайы тайкы болсо, Ал­дынкы Азиянын Н. а. аларга са­лыштырганда өнүккөн белгилер­ге ээ жана казмадан табылган азыркы типтеги адамдарга көбүрөөк окшош.