НДЖАМЕНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НДЖАМЕНА (1973-ж. чейин Ф о р т-Л а м и) - Чад Респ-нын борбору. Шари-Багирми префек­турасынын администрациялык борбору. Өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Шари д-нын оң өйүзүндө (Логоне д-нын чатына жакын), саздуу жерде жайгаш­кан. Климаты муссондук экватордук. Эң суук

Шаардагы көчөлөрдүн бири.

айы январдын орт. температурасы 24°С, июлдуку 24°С. Жылдык жаан-чачыны 650 мм. Калкы 1,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Та­мак-аш (эт, май), жеңил, бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруучу ө. ж. ишканалары иштейт. 1900-ж. француздар тарабынан Форт­Лами деген ат менен негизделген. 1910-ж. Фран­ция Экватордук Африкасына караган. 1958-жыл­дан 1960-ж. чейин Чад Автономия Респ-нын, андан соң көз каранды эмес Чад Респ-нын бор­бору. 1973-жылдан азыркыдай аталат. Университет, институттар (зоотехния жана тропика өлкөлөрүнүн ветернариясы, гуманитария ж. б.), улуттук администрациялык мектеп, музей бар. Өлкөнүн ички саясий аба­лы туруктуу болбогондуктан, туризм өнүкпөй келүудө.