НАХИЧЕВАН АВТОНОМИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАХИЧЕВАН АВТОНОМИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ Азербайжан Респ-нын курамындагы администрациялык бир­дик. 1924-ж. 9-февралда уюшулган. Аянты 5,5 миң клг2. Калкы 400 миң (2009); негизинен азерилер (95,9%), ошондой эле орус, армян, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 33,2% . Борбору - Нахичеван. Администрациялык-аймактык жактан 6 ра­йонго, 4 шаарга жана 4 шаарчага бөлүнөт.

Закавказье тайпак тоосунун түштүк-чыгышын­да жайгашкан (эң бийик жери 3904 м, Капут­жук чокусу). Аймагынын 75% ке жакыны де­ңиз деңг. 1000 м бийиктикте. Түштүгүндө кенен түздүктөр, чыгышында Зангезур к. тоосу созу­луп жатат. Климаты кескин континенттик, кур­гак. Январдын орт. температурасы -3°Стан -14°Ска (тоолордо) чейин. Жылдык жаан-чачыны 200- 600 мм. Негизги дарыясы - Аракс. Боз топурак басымдуу; тоолорунда тоо-токой жана тоо-шал­баа топурагы мүнөздүү. Шыбак жана шыбак-бая­лыштуу жарым чөл ээлейт. Тоо-кен (түстүү ме­таллургия, таш көмүр), машина куруу жана ме­талл иштетүү, жеңил (пахта тазалоо, жибек ТҮРҮҮ)> тамак-аш (шарап, минерал сууларын

бө­төлкөгө куюу, консерва), жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Негизги ө. ж. борборло­ру: Нахичеван, Ильичёвск, Ордубад. Аракс д-на ГЭС курулган. А. ч-нда тамекичилик, жүзүмчү­лүк, багбанчылык, жибекчилик жана дыйкан­чылык өнүккөн. Эт-сүт багытындагы бодо мал, жүн багытындагы кой асыралат. Бадамлы ку­рорту иштейт. Нахичеван Түркмөнчай келиши­ми боюнча 1828-ж. Россияга кошулган. 1923-жыл­дын февралында Азербайжандын курамында Нахичеван автономия крайы түзүлгөн. 1924-ж. Нахичеван АССРи. 1990-жылдын ноябрынан На­хичеван Автономия Республикасы деген ата­лыш менен Азербайжан Респ-нын курамында.