НАФТАЛИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАФТАЛИН (грекче naphtha — нефть) — аромат­тык углеводород, мүнөздүү жыты бар, түссүз жалпак кристалл. Эрүү I 80,3°С, кайноо 1 218°С. Бат бууланат. 50°Сде катуу абалдан бууга өтөт (кургак буулануу), тыгызд. 1,1517 г/см? (15°С). Сууда начар, көпчүлүк органикалык эриткичтерде жак­шы эрийт. Н. галогендөө, нитрлөө, сульфирлөө жана гидрлөө реакциясына оңой кирет. Окистенүү реакциясы циклдин биринин ачылышы менен жүрөт. Н. таш көмүр чайырынан жана нефтини пиролиздөөдөн алынган продуктудан бөлүнүп алынат. Фталь ангидридин, тетралин, декалин, нафтолдор, нитронафталин жана азобоёкторду алууда колдонулат.