НАТУРАЛДАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАТУРАЛДАШТЫРУУ (фр. naturaliser) - чет элдик адамдын кандайдыр бир өлкөдө жаран­дык укук алуусу. Башка бир мамлекеттин ай­магында кандайдыр бир мөөнөттөн узагыраак жашаган чет элдик адамга өз арызы боюнча Н-га жол берилет. Кээде зарыл шарт катары мамле­кеттин расмий тилин билүү (мисалы Литвада, Эс­тонияда), өз алдынча жашоо каражаттарынын бардыгы, кынтыксыз жүрүм-туруму дагы ушул сыяктуу та­лаптар коюлат. Бир катар мамлекеттерде жал­пы эрежеден сырткары жеңилдетилген тартип берилген. Бул натуралдаша турган адам алын­ган мамлекет менен этностук же лингвистикалык байланыш­та турса колдонулат (мисалы, Бразилияда порту­гал тилинде сүйлөгөн бардык чет өлкөлүктөргө жеңилдетилген Н. пайдаланылат).