НАТРИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАТРИЙ (латынча Natrium), 1Ча - элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы химиялык элемент. Катар номери 11, атомдук массасы 22,99. Щелочь металлдардын катарына кирет. Жаратылышта туруктуу бир изотобу (23Ца) бар. 1807-ж. англ. химик Г. Дэви, Н. гидроксидин (NaOH) электролиздөөдөн алган. Таралышы боюнча 6-орунду ээлейт. Ар кандай минералдардын курамында, жер кыртышында, эритмелер түрүндө океан, деңиз, көл, агын сууларда кездешет. Н. - жумшак, ак, күмүш түспөл жеңил металл. Ат. радиусу 1,86 А; иондук радиусу 0,92 А; тыгызд. 0,96 г/см?\ балкып эрүү 1 97,8°С; кайноо 1 880°С. Бирикмелериндеги окистенүү даражасы +1. Химиялык активдүүлүгү өтө жогору болгондуктан, реакцияга жеңил кирет. Абада бат окистенгендиктен, керосинде сакталат. Н. кычкылтек менен түздөн-түз аракеттенип, оксид Иа2О жана пероксидди Ца2О2, суу менен реакцияга кирип, Н гидрооксидин NaOH жана Н2пайда кылат. Суутек менен кошулуп гидридди NaH берет. Ошондой эле галогендер, күкүрт, азот жана көмүртек менен кошулуп, тийиштүү бирикмелерди пайда кылат. Туздарынын бардыгы сууда жакшы эрийт. Ал NaCl же NaOHты электролиздөөдөн 2МаС1 -> 2Ма+ + С12; кээде көмүртек менен калыбына келтирүү менен алынат: 4НаОН + 2С = 2Иа + Ма2СО3 + СО + 2Н2, Куймалары авиация кыймылдаткычтарында, ядролук энергетика түзүлүштөрүндө жылуулук алып жүрүүчү катары, металлургияда, органикалык синтезде ж. б. тармактарда колдонулат. Н. адамдын жана жаныбарлардын организминдеги минералдык алмашууга катышат. Осмос басымын, кислота-щёлочтук тең салмактуулукту ж. б. сактоодо мааниси чоң. Медицинада Н. дары-дармектеринен 1Ма28О4, NaCl, ИаНСО3 ж. б. кеңири колдонулат.