НАСРЕДДИН ХАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАСРЕДДИН ХАН Мухаммед Наср ад-Дин хан (т. ж. белгисиз - 1882) - Кокон хандыгынын ханы (1875-76); Кудаяр хандын тун уулу. Кудаяр ханга каршы көтөрүлүш (к. Кокон көтөрулуштөру) күч алганда 5 мин аскери менен Н. х. аларга кошулуп кеткен (1875). Ош жана Наманган ш-нын тургундары да көтөрүлүштү колдоп, 20-июлда Маргалан ш. согушсуз багынган. Көтөрүлүшчүлөр Кокон ш-на жеткенде (22- июль), Кудаяр хан 8 миң аскер, 68 пушка, орус элчиси Вейнберг жана генерал М. Д. Скобелев жетектеген 22 казак-орустун коргоосу менен шаардан чыгып, Кожентке качкан. Ошол эле күнү Н. хан деп жарыяланып, Ак-Мечиттен Пишпекке чейинки аймак кайрадан Кокон хандыгынын карамагына өттү деген жарлык чыгарган. 23- июлда молдо Исак орустарга каршы газават жарыялаган жана Абдырахман жетектеген кокондуктардын 50 миң аскери (теңинен көбү кыргыздар) 8-августта Кожентти курчоого алган. 22- августта Макрам чебине жакын жерде чечкиндүү салгылашуу өтүп, мыкты куралданган, туруктуу орус аскерине туруштук бере албаган кокондуктар жеңилип калган. Бир топ шаарлардан (Ош, Анжиян ж. б.) ажырагандан кийин 23- сентябрда Н. х. Кауфман сунуш кылган тынчтык келишимине кол коюуга аргасыз болгон. Ал боюнча Кокон хандыгы Россия империясынан башка бир да мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзө албай калган жана Сыр-Дарыянын оң жээги Түркстан генерал-губернаторлугунун карамагына өтүп, М. Д. Скобелевдин жетекчилигинде Наманган бөлүмү түзүлгөн. Бирок октябрь айынын башында Кокондо кайрадан көтөрүлүш башталып, эми орус аскеринин коргоосу алдында Н. х. Кожентке качкан. 1876-ж. январда фон Кауфман Петербургга шашылыш чакырылып, Александр Пнин буйругуна ылайык Кокон хандыгын Россия империясынын карамагына киргизүү маселеси каралган. 1876-ж. 19-февралда Россия империясына карагандыгына байланыштуу Кокон хандыгы жоюлуп, ордуна Түркстан крайына караштуу Фергана обл-нун түзүлүшү жөнүндө буйрук жарыяланган. Бийликтен четтетилген Н. х-га падыша тарабынан пенсия чектелген.