НАСОС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАСОС - сырткы энергиянын жардамы менен суюктуктарды басым аркылуу шыкап агызууга же сордурууга арналган гидравликалык машина, аппарат же прибор. Н. байыркы замандан эле белгилүү. Байыркы грек механиги Ктесибий өрт өчүргүч Н-ту (биздин заманга чейинки 1-к.) жасаган. 19-к-га чейин суу көтөргүч машиналар пайдаланылып келген. 18-к-дын аягынан поршендүү Н-тор колдонула баштаган. 1838-ж. орус инженери Атап Айтканда Саблуков бир баскычтуу, ал эми 1846-ж. америкалык инженер Жонсон көп баскычтуу Н. жасаган. Кысылган абанын же башка газдын энергиясы менен скважинадан сууну же нефтини чыгаруу 1897-ж. Бакуда, 1901-ж. АКШда колдонула баштаган. Н. жалпысынан кыймылдаткыч менен иштөөчү Н.-машина, энергиялар аркылуу аракетке келтирилүүчү Н.-аппарат деп бөлүнөт. Н.-машина калакчалуу, поршендүү, роторлуу, Н.-аппарат агымдуу, газлифттүү, кысып чыгаруучу, магнит-гидродинамикалык Н. ж. б. болуп айырмаланат. Калакчалуу Н-тун борбордон четтеме, октуу, куюндуу түрлөрү бар. Борбордон четтеме Н-тор тегеренип туруучу жумушчу дөңгөлөктүн кинетикалык энергиясын калактардын ортосундагы суюктукка берүүнүн негизинде иштейт. Суюктуктарды көп (мол) берүү үчүн октуу (осевой) Н-тор колдонулат. Калакчаларынын дөңгөлөккө бекитилүүсү боюнча пропеллерлүү (калакчалар кыймылсыз бекитилген) жана кыймылдуу калакчалуу болуп айырмаланат. КуюндууН. суюктуктарды өзү сорот, ал тез буулантуучу суюктуктарды сорууда (толтурууда) колдонулат. Поршендүү Н-то цилиндрдеги поршендин же плунжердин ары-бери кыймылынын натыйжасында толтуруу же соруу иши аткарылат. Суюктуктарды аз-аздан толтуРУУ үчүн роторлуу Н-тор пайдаланылат. Иштөө принциби боюнча поршендүү Н-ко окшош, бирок анда соруучу жана толтуруучу клапандар жок. Н. аппаратынын көп тараган түрү - а г ы мд у у Н. Алардын ичинен суу агымдуу_Н-тун иштөөсү үч процесстен турат, анда адегенде суюктуктун потенциалдык энергиясы кинетикалык энергияга өзгөрөт, суюктуктун бөлүкчөлөрү менен берилүүчү кыймылдын саны алмашылат. Жумуш аткаргыч жана жылдыргыч суюктуктардын аралашмасынын кинетикалык энергиясы потенциалдык энергияга айланат. Н-тор гидротех. курулмаларда, жылуулук-техникалык түзүлүштөрдө нефть өндүрүүдө, курулушта ж. б. кеңири колдонулат.
Ад.: Корелин В. Я„ МинаевА. В. Насосы и насосные станции. М., 1986.