НАСИР ХОСРОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАСИР ХОСРОВ Абу Муин аль-Кубадияни альМарвази (1004, Балх ш-на жакын Кубадиян кыш. - 1072(1088), Бадакшан, Йомган кыш.) - тажик жана фарсы акыны, философ, дин кызматкери. 1046-52-ж. Египетке саякаттап «Саякат китебин» жазган. Кайтып келгенден кийин Балх ш-нан еретик катары айдалган. Өмүрүнүн акыркы жылдары Бадакшанда (Памир) өткөн. Адабий мурасы - диний-философиялык трактаттар, 12 миң бейттен турган диван жана «Ровшанайи-наме» аттуу поэма. Анда Исмаилиддердин идеологиясын чагылдырган. Н. X. сарай ырчылар поэзиясын сындап, талоончул селжук феодалдарынын бетин ачкан. Н. X. философиялык касыйда жана дидактикалык поэма жанрын өнүктүруүгө чоң салым кошкон.