НАРЫН ОБЛУСТУК АКАДЕМИЯЛЫК МУЗЫ- КАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРЫН ОБЛУСТУК АКАДЕМИЯЛЫК МУЗЫКАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ М. Рыскулов атындагы 1937-ж. Нарын ш-нда район аралык колхоз-совхоз театры болуп ачылган. 1977-ж. СССРдин эл арт. М. Рыскуловдун ысмы берилген. Алгачкы режиссёру М. Койчуманов болгон. 1939-ж. колхоз-совхоз театрынын базасында обл. драма театры ачылган, реж. А. Көбөгөнөв. 1949-ж. Ысык-Көл обл. театры менен кошулган, 1957-ж. кайрадан Тянь-Шань обл. драма театры болуп уюшулуп, режиссёр М. Назаралиев кеплш иштеген мезгилден баштап орус жана дүйнөлүк классикага кайрылуу башталган. 1977-ж. 606 орундуу (анын 546 орундуу көрүү залы, 60 орундуу кичи
залы) 2 залы бар жаңы имараты ишке берилгенетикалык Бир нече цех, музей ж. б. иштейт. Алгачкы спектаклдери: «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев), «Саринжи-Бөкөй» (К. Эшманбетов), «Күлүйпа» (К. Маликов), «Таш конок» (А. Пушкин) ж. б.; концерттик программаларды коюшкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында коюлган спектаклдери: «Орус адамдары» (К. Симонов), «Курманбек», «Өч» (К. Жантөшев), «Жаңыл» (К. Маликов, А. Куттубаев) ж. б. Театрда А. Айдаралиев, А. Темиров, С. Андабеков, К. Карасартова, Ж. Сыдыкбекова, С. Сатыбалдиева, Ж. Самаков, М. Өмурканова, С. Балкыбекова, С. Жумаев, С. Өмүралиев, Н. Турсунбаев, А.
Жумабаев ж. б. белгилүү артисттер эмгектенген. Театр 1948-ж. Каракол ш-на көчүрүлүп, кийин 1958-ж. кайрадан уюшулган. Бул учурда театрда А. Урустенов, 3. Эсеналиева, С. Чечейбаева, Т. Сариев, Г. Мамашева, К. Досмамбетова, Т. Жумакаева, К. Тагаев ж. б. иштешкен. 1962-ж. театр коллективин Ташкент театр институтун бүтүрүүчүлөрү менен жергиликтүү таланттар Каракол, Жалал-Абад театрларынын артисттери түзгөн. Реж. М. Назаралиев, Б. Ибраев, Э. Токтогулов, Р. Кемпирбаев; композитор Ж. Шералиев, сүрөтчүлөр С. Төбөев, А. Абдраевдер Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов», С. Кожониязовдун «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө», К. Гольдонинин «Эки мырзанын малайы», В. Вишневскийдин «Оптимисттик трагедия», М. Каримдин «Ай тутулган түндө», Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз», Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна», У. Шекспирдин «Отелло», Ч. Айтматовдун «Кызыл жолук жалжалым», К. Жантөшевдин «Курманбек», Б. Жакиевдин «Миң кыял», Ж. Садыковдун «Жукеев-Пудовкин», Гафур Гуламдын «Ташбалта ашык», Н. Давлесовдун «Аста секин, колукту», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», «Атабектин кызы», У. Гажибековдун «Аршин мал алан», Н. Гоголдун «Текшерүүчү» ж. б. пьесаларды ийгиликтүү коюшкан. Спектаклдер концерт менен коштолуп, бүт респга гастролго чыгып турган. 1966-, 1973-ж. Фрунзеде отчёттук гастролдо болушкан. Труппада Кыргыз ССРинин эл арт. К. Медетбеков, Б. Алиев, эл арт. С. Андабеков, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. - А. Куттубаев, С. Чечейбаева, С. Көмөчов, Т. Жумакаева жана С. Сатыбалдиева, Д. Сариев, Г. Абдрахманова, А. Бердибаев, К. Карасартова, арт. А. Абдыласов, А. Дүйшеев, Э. Сатаров ж. б. иштеген. 1977-жылдан театрдын башкы режиссёру Кыргыз ССРинин искусствого эмг. сиң. ишмери - Э. Токтогулов болгон. 1987-ж. театрда А. Сарлыкбеков башкы режиссёр катары Ч. Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар», В. Шекспирдин «Отелло», «Король Лир», Д. Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза», Ж Садыковдун «Жукеев-Пудовкинди эскерип» койгон. Башкы режиссёр М. Сагынбаев 1990-жылы Туулган Актановдун «Теңирим Манас», С. Раевдин «Күн кармаган бала», Ч. Айматовдун «Чыңгызхандын ак булутун» койгон. 2000-жылдары театрда коюлган спектаклдер: М. Байжиев, «Тил табышкандар»; К. Иманалиев, «Курманжан Датка», «Актриса»; К. Зарлыкова, «Сибирь челноктору», «Сүйүү арманы»; Т. Актанов, «Айкөлдүн аманаты» ж. б. Учурда театрда КРдин эл артисти Д. Баратбаева, КРдин эмг. сиң. артисттери: Б. Өмүрова, А. Токтомушева, А. Кускаков, Б. Мамытова, К. Мендебаиров ж. б. үзүрлүү эмгектенүүдө. Ж. Шералиевдин ырлары театрдын сахнасында жаралып, кыргыз улуттук музыкасынын сахнасын байытып, респ. радионун алтын фондуна жазылган. Белгилүү обончулар, С. Түркмөнов, С. Мамбетбаев, М. Алмакунов, К. Досманбетова, К. Тагаев, Э. Мааданбеков, К. Кыязов, К. Абылов ж. б. тарбияланышкан. Директорлору: Р. Курманалиева, А, Султанов, Ш. Мамбеталиева, А. Абдыкапаров, М. Алыбаев, А. Кыязов, А. Жакшылыков. 2008-жылдан Нарын обл. академиялык музыкалык драма театры статусуна ээ. Директору - М. Кыдыралиев, көркөм жетекчиси - КРдин эмг. сиң. арт. А. Кускаков.
